www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убагында Икрам Илмияновдун арааны жүрүп турганда, жердеши катары Ашым Тагаев карьералык секирик жасап, кошоматтанып, милициядагы бир катар жетекчилик кызматтарды аркалаган. Билими, тажрыйбасы жетишсиз болсо да.

Көптүн бири катары көгөрүп келаткандай... Кызыгы, Икрам Илмияновдун таасири тайып кеткен соң, Ашым Тагаев экинчи “серый кардинал” Арзыбек Бурхановдун этегине эрмешип, Жалал-Абад ОИИБ начальнигине дайындалып, эми ал жакты кыйратып салгансып, ИИМдин орун басарлыгына жетүүгө далбас ура баштаптыр.

“Эт менен челдин” ортосундагы мындай кадрдын тизгинин тартып коё турган эстүү адам чыгабы? Же Арзыбек Буркановдун адыраңдаган күчүн пайдаланып, көздөгөн креслосуна минип тынабы? Мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын кетире беришеби? Оңолобузбу же...

Булак: Азия News гезити

Последние новости