www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров италиялык Mediaset телекомпаниясына берген маегинде, эгер Украинанын президенти Владимир Зеленский еврей болсо, аны кантип «нацификациялоо» кылуу мүмкүн деген суроого жооп берди.

Орус министри Адольф Гитлерде да «еврей каны» бар болгонун айтты.

«Анын (Зеленскийдин) жүйө келтиргени: «Мен еврей болгондон кийин бизде кандай нацизм болушу мүмкүн?»  - дегени эсимде. Мен ката кетирүүдөн корком, бирок, менимче, Гитлердин да еврей каны болгон.

Бул таптакыр эч нерсени далилдебейт. Биз даанышман еврей элинин эң жалындуу антисемиттер, адатта, еврейлер деп айтканын көптөн бери угуп келебиз. Бизде айткандай, ар бир үй-бүлө тентексиз эмес», — деди Лавров.

Израилдин тышкы иштер министрлиги Лавровдон кечирим суроону талап кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости