www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын канцлери Олаф Шольц жума күнү орус лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинадагы кырдаалга тынчсызданып жатканын билдирди. Бул тууралуу Германиянын министрлер кабинетинин расмий өкүлү Штеффен Хебештрайт маалымдады.
«Бир саатка жакын созулган сүйлөшүүдө алар Украинада болуп жаткан окуялар боюнча ар кандай көз караштар менен алмашты. Канцлер болуп жаткан окуяга абдан тынчсызданып жатканын айтып, орус жетекчилигин бардык согуштук аракеттерди токтоосуз токтотууга жана согуш жүрүп жаткан аймактарга гуманитардык жардамдын жетүүсүн камсыздоого чакырды», - деди Штеффен Хебештрейт.
Өз кезегинде Кремлдин басма сөз кызматы Владимир Путин Донбасстын калкын коргоо боюнча атайын аскердик операция жүргүзүүнүн контекстинде орусиялык фундаменталдык ыкмаларды белгилеп, анын максаттары менен милдеттерин кеңири түшүндүрүп бергенин, алар сөзсүз түрдө ишке ашарын белгиледи.
Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Тогуз күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевде жана Харьковдо жасалды. Салгылашууда миңдеген адамдар каза болду.
Булак: NazarNews.kg