www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда жаңыдан аты чыгып келе жаткан патриот кыз, «Манас» дегенде жанын берген, жаш активист, «Ысык-Көл Жаштар Деми» коомдук фондун негиздөөчүсү, Президенти Шоола Асанованы бүгүн кайрадан кепке тарттык.
-Саламатсызбы Шоола! Буга чейинки маегибизде бир гана иш жөнүндө кеп салдык эле… Бүгүн бир аз өзүңүз жана үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетсениз?
-Саламатсызбы! Иштерибиз жакшы буюрса! Мен Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылынан болом, тагыраак айтканда,түбүм ошол эле Тоң районуна караштуу Жер-үй айылынан Суксур эне деген уурудан болом, 6 айыман баштап Бөкөнбаев айылында тайларымдын колунда чоңойуп, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепти аяктаган соң, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына тапшырып, ал жакты дагы ийгиликтүү аяктап, азыркы учурда Бишкек финансы-экономикалык академиясын сырттан окуп жатам. Үй бүлөөдө 4 бир туугандын улуусу, жалгыз кызмын, менден кийин 3 иним бар. Ата - энем жана бир туугандарым шаарда турат.
-Жүрөгүңүздө «Сүйүү» жана «Жеке жашоо» деген нерсе жашайбы? Же жүрөгүңүздү бир гана «Кыргызстан», «Манас» жана «Тарых» ээлеп алды беле?
-Албетте, ар бир эле кыргыздын жүрөгү «Кыргызстан» деп соксо керек, ар бир адам айтат, Кыргызстан менин жүрөгүм, Кыргызстан менин жашоом деп, бирок ушунун ичинен, айрыкча жаштар, Кыргыздын басып өткөн жолун, тарыхын, маданияттын, үрп-адатын, каада-салтын билбей туруп, батыш өлкөлөрнүн маданиятын колдонуу менен, ааламдашуу процесси терс таасир берип жатса дагы, ошолорду колдонуу менен «Мен Кыргызмын» деп айткандары жанды кейитет. Ошондуктан жүрөгүмдө эң биринчи Кыргызстан, ата-эне анан сүйүү го дейм.
- Демек жеке жашооңузда, сизди ар дайым колдой турган сүйүктүү адамыңыз бар экен да? Ал кайсыл бактылуу адам болду экен?
- «Жеке жашоо» деп өзү эле айтып тургандай, мен жеке жашоомду айтып койсом, ал жеке эмес болуп калат го. Бирок, ошентсе да, жашоондо, жанында ар дайым колдой турган алтын адамың бар болгону жакшы. Аял кишинин бир аз тарс-турс чагылганы кармай түшкөндө, ар нерседен чарчап, жинденип, урушуп, ыйласанда, күлсөң да, бир нерсеге күйсөн да, сүйүнсөн да, баардыгынан үмүтүң үзүлүп, баарынан кол шилтеп, ааламды кечип басып кеткин келген кезде, жүрөгүндүн өчүп бара жаткан чогуна май тамызып, жүрөгүңө сайма сайган сыяктуу, бир ашык сөз айтпастан жүрөгүнө бекем кыса «Баары жакшы болот, бул оор күндөр да өтөт, сен менин акылдуумсуң, мен сага ишенем! Мен ар дайым жаныңдамын» деген алтын адамыңдын сөзү, бул жашоодо эч нерсеге тендешсиз даарың болот эмеспи, демек менин жашоомдо, жанымда жана жүрөгумдө мени ар дайым колдой турган баа жеткис алтын адамым бар болгонуна шүгүр!
-Бош убактынызда эмне менен алексиз?
- Бош убактымда, комузда, гитарада ойноодон ырахат алам, ошондой эле кайрымдуулук менен да алектенем, кайрымдуу болуу ар бир пенденин парзы эмеспи жана тил үйрөнүүгө убактымды жумшайм, 4 тилде эркин сүйлөйм.
-Алдыдагы пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз…?
-Өзүңүздөр билгендей эле, «Ысык-Көл Жаштар Деми» коомдук фонду, байыркы кыргыз улутунун материалдык жана руханий баалуулуктарын чагылдырган жана Тоң районунда Манастын дүйнөсү менен терен тааныштырган «МанасАаламы» аттуу этно маданиятты, этно педагогиканы жана этно түшүнүктү өзүнө камтыган, тарыхый ордоону куруунун алдында турабыз. Жаңы команда, жаңы дем, жаңы күч менен, жаңы идеялар менен болгон күчүбүздү жумшап, азыр ошол менен гана алекбиз, буюрса ордобуз курулуп бүтүп калса, Кыргызстаныбызга жүрөгүбүздөн кичине болсо да салымыбызды кошкондордон болуп жүрөгүбүз тынч алат эле!
Марианна Сатаркулова
Булак: NazarNews.kg