www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Шоопур акам” өзү билеби?

Аты Алайга, даңкы далайга жеткен белгилүү шоопур Икрамжан Илмиянов кечээ жакында Баткен облусундагы Баул айылында салынып жаткан мектептерди текшерип жүргөндүгү тууралуу Баткен телевидениеси жалпыга жарыялады.

Азыркы тапта Президенттин кеңешчиси болуп кызматта отурган Икрам Илмиянов ал жердеги тийиштүү адамдарга курулуш иштери эмнеге кечиктирилип жаткандыгын сурап бир тийди. Бирок, “президенттин кеңешчиси кандайча барып, кимден отчёт алып жатат?” деген суроону берген киши жок. Болбосо, жергиликтүү өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн же өзүн-өзү башкаруу аймагынын башчыларынын иштерин президенттин кеңешчиси сурап, отчёт алуу укугу жок да?

Майдалап айтсак, жанагы кеңешчинин каарына калып, тил угуп жаткан аталган бийлик өкүлдөрү мамлекет башчы, өкмөт башчы жана анын орун басарларына же спикерге, депутаттарга гана жооп бере алат. Мындайча айтканда ар кимдин кеңешчиси, кароолчусу, шоопуру же үй кызматчысы деле губерна­тор, аким, айыл өкмөт башчыларына чокчоңдоп чоң боло берисе иш жүрбөйт го, ия?

Булак: "Айгай"

Последние новости