www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баса, Эркин Сопоков азыр Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулу болуп иштейт. Бирок биз билгенден анын дипломатиялык ишке такыр тиешеси жок. Ал болгону 2010-жылы апрелде Алмазбек  Атамбаевдин амири менен “жылдызы жанып”, алгач муфтияттын эсеп-кысап бөлүмүнө кызматка орношот.

Андан көп өтпөй эле Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орунбасарлыгына космостук секирик жасаган. Бирок дээринде мамлекеттик кызматкердин маданияты менен этикасын билбеген, билмек турсун жөнөкөй адамкерчилик сапаты өтө төмөн бул “азамат” мансап менен кызматты көтөрө албай, жеке жүрүш-турушунда моралга жатпаган кылык-жоругу менен “дүң” болуп, салык органындагы жетекчинин орун басарлыгына жомоктогудай тездик менен жетсе, ошондой эле ылдамдыкта шыпырылган. Ал тууралуу бир нече маалымат каражаттары жазышкан болчу…

Бирок колдогон кожосу Алмазбек  Атамбаев өзү болгон соң, майлуу кызматтан кайра жайлуу кызматка которулуп, учурда Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулу болуп иштеп атат. Эми анын бул шаардагы мекендештерибиздин кызыкчылыгын кандай деңгээлде коргоп, мамлекетке кантип кызмат кылгандыгын элестете бериңиз…

Бул эми бийликке жалаң өзүнүн мурунку шоопур, таразачы, пол жуугуч, жансакчылары менен кошо кылмыштуу дүйнөнүн өкүлдөрүн алып келип, элди алты жыл кызыл камчы менен башкарып, мамлекетибизди карызга белчесинен батырган Алмазбек  Атамбаевдин чыныгы жүзү кандай экендигинин дагы бир далили.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости