www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсе...Жакшы достон жан дүйнөгө гүлазык алып, аны жүрөгүңө эш тутасың.Арабыздан өтүп кеткен белгилүүлөрдүн достук мамилесин, адамдык асыл сапаттарын досторунун оозунан уктук.
-Ал кезде 8-кичирайондо турчумун.Мени да эл таанып, Табылдынын да максымы жакшы өтүп дүркүрөп турган кез.Кечке маал жумуштан жөө үйгө кетип баратсам беш-алты кадам алдыда Табылды чылым чегип ойлуу баратыптыр.Бат-бат басып жанына жеттим, учурашып сүйлөшө кеттик.Ал кайрылды, мен да артынан кайрылдым. “Мени эмне ээрчип келатасың?” дейт.“Сени ээрчибей эле ушу короодо жашайм” десем таң калды.Кошуна экенибизди ошондо билдик. “Эт жейсиңби?” дейт.“Жейм” дедим.Үйүнө ээрчитип барды. Аялына эт салдырып коймой адаты бар экен. Отурарыбыз менен эт тартылды. Мен эми үйүнө биринчи барсам, тамакка кол сала албай отуруп калдым. Мага бергенге жарабай өзү жеп кирди. Аялы байкап калды окшойт, кулагына барып шыбырады эле: “Мен эмне, оозун бууп коюптурмунбу, жей бербейби кесип”,- десе боло. Оройураак да сүйлөчү, ыраматылык. Ошо менен эт жеп алып кеттим.
Кийин мамилебиз уланып кетти. Кызым окууну бүтүп, жумушу жок үйдө отуруп калган кез. Жумуштан түндө кызуу болуп келсем апасы: “Табылдыга айтып көрбөйсүңбү, ылайыктуу жумуш болсо киргизип койсун.Чүнчүп кетти”,- деди.Дароо эле чалдым. Компанияга келсин деген. Бирок эртеси кызым ыйлап келди. Табылды өзү жок экен, кызматкерлер “сага жумуш жок” кетирип жиберишиптир. Ачуум менен дароо Табыкеге чалып: “Акмак экенсиң!Кыздын шагы сынып ыйлап келди. Сатуучу кылып деле албайт белең. Бир челек жармаңды аядыңбы? Үй-бүлөбүз менен ичип түгөтсөк да акчаңды берет элек го?”-деп бир тийдим. Уялып калды окшойт, эртеси өзү кызымды үйдөн алып кетип жумушка орноштурган. Ушу күнгө чейин компанияда иштеп атат. Достугубуз улам бекемдей берди. Чуңкурчакка чакырып алчу. Бир бээси бар, аны саап сүтүн берет, эт асып коёт. Мен чалкалап жатып эс алам, ал иштейт. Чарчаганда жаныма келип “Агындылардын” кол жазмасын ортого таштап коюп окуйт. Мага окутат. Кийин көп досторуман кызганып менчиктеп алды. Башка досторума жолукканымды айтсам кол шилтеп: “Э-ээ, болбогон киши аның!”-деп калчу. Ооруп чет мамлекетке кетти. Ал жактан чалганда ден соолугун сурасам: “Ден соолукту коё тур, жазып атасыңбы?”-деп сурачу. Келгенде жолугам десем “жакшы болуп калдым, 3-4 күндө барам өзүм” деп болбой койду.
Көрсө, ошондо эле баспай калыптыр...
Булак: "Леди кж"