www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атайын операциядан улам Орусияга каршы киргизген санкцияларды дүйнө мамлекеттеринин басымдуу бөлүгү колдойт деген Батыштын ою оңунан чыккан жок. Бул тууралуу БУУнун баш катчысынын мурунку жардамчысы Ганс-Кристоф фон Шпонек "Известия" басылмасына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.

Дипломат Бразилия, Кытай, Индия, Иран, Пакистан, Түштүк Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү АКШ, Канада жана Евробиримдиктин талабын колдоодон баш тартканын белгиледи.

"Орусияга каршы санкцияларды глобалдуу көпчүлүк колдойт деген план орундалбай калды", — деди Шпонек.

Анын айтымында, буга чейин деле санкциялар чыр-чатакты басууга жардам берген эмес, андан көбүнесе чектөө чараларына тиешеси жок тараптар жабыр тартып келген.

"Азыр санкциялык чаралар акылга сыйгыс чекке жетип калды. Карапайым элге кедергисин тийгизүүдө. Мындан көрө эртерээк сүйлөшүүлөргө өтүү зарыл", — деп эсептейт дипломат.

Berliner Zeitung гезити кабарлагандай, Шпонек Украинага курал жеткирүүгө каршылыгын билдирип Германия канцлери Олаф Шольцко кайрылуу жолдогон немец коомдук ишмерлеринин катарында.

Белгилей кетсек, Орусиянын Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы башталган соң Батыш өлкөлөрү Москвага карата санкциялык кысымын күчөткөн. Европада орусиялык энергоресурстардан көз карандылыкты азайтуу тууралуу айтылып, дүйнөлүк бренддер өлкөдөн чыгып кете баштаган. Евробиримдик, АКШ жана башка бир катар мамлекеттер орусиялык учактар үчүн асманын жапкан.

Кремль мындай кадамдарды буга чейин болуп көрбөгөндөй экономикалык согуш деп атады. РФ лидери Владимир Путин санкциялар дүйнөлүк экономикага доо кетиргенин, Батыштын башкы максаты миллиондогон адамдарды жакырлантуу экенин белгилеген. Анын айтымында, бүгүнкү күндөгү окуялар Батыштын саясаттагы да, экономикадагы да глобалдуу үстөмдүгүнө чекит кое баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости