www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-майда Улуу Ата Мекендик согуштун жана авиациянын ардагери Владимир Колесников акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Владимир Иванович Колесников үстүбүздөгү жылдын 9-майында 94 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Коштошуу зыйнатына В.И.Колесниковдун жакындары, авиациянын ардагерлери, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын жана И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун өкүлдөрү, кошуналары, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согушта мекенди коргогон жоокердин элесине таазим кылууну каалагандар келип катышты.

Авиациянын жана согуштун ардагери Владимир Иванович Колесников 1927-жылы 25-сентябрда туулган. Самарканд шаарындагы учкучтар окуу жайын бүтүрүп, кийин фронтко аттанган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости