www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Казакстандын Мажилиси Кыргызстан менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялады. Бул макулдашуу Борбор Азия регионундагы коопсуздукту камсыздоого аскердик-техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө.

Мыйзам долбоору менен коргоо министри Султан Камалетдинов тааныштырды.

«Макулдашууда Кыргызстанга бир жолу аскердик мүлк берүү каралган. Аталышы жана көлөмү дипломатиялык каналдар менен такталган. Казакстан тарап аскердик мүлктү транспорт менен Кой-Таш калктуу пунктуна чейин жеткирүү милдетин алат.

Кыргызстан техникалык каражаттарды коопсуздук үчүн гана пайдаланып, үчүнчү өлкөгө бере албайт жана КМШ өлкөлөрүнө каршы колдонбойт», - деди Камалетдинов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости