www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жогорку Кеңештин депутаттарын коңшу мамлекеттердин дарегине сын айтууда этият болууга чакырды

"Урматтуу депутаттар!

Коңшу мамлекеттерге жана эл аралык мамилелер боюнча сын-пикир айтаарда этият болсонуздар, сураныч!

Депутат - бул саясий кызмат. Ар бир айткан сөзүңүздөргө эл аралык майданда маани берилет жана ага карата реакция да болушу мүмкүн.

Кудайга шугур, бүгүнкү күндө бардык мамлекеттер, анын ичинде коңшулар менен дагы жакшынакай кызматташып келүүдөбүз. Албетте, айрым жагдайлар бар, бирок негизинен жаман эмес. Бардык көйгөйлөрдү эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алып, сүйлөшүү жолу менен чечип жатабыз", - деп жазган ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

Белгилей кетсек, буга чейин Депутат Марлен Маматалиев Казакстанга сууну бербей коюуну сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости