www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстан 1-июлдан баштап COVID-19 пандемиясына байланыштуу киргизилген айрым чектөөлөрдү жумшартып, эки эл аралык багыт боюнча аба каттамдарын жандандырып, беткап режимин жарым-жартылай алып таштоону пландоодо. Бул тууралуу мамлекеттик ТДХ агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, 1-июндан баштап жабык жайларда беткап тагынып жүрүү эрежеси сакталып, ачык асман алдында аны чечип коюуга уруксат берилет.
6-майда өткөн жыйында түркмөн өкмөтү президенттен Бириккен Араб Эмираттары жана Франкфурт менен авиабайланышты калыбына келтирип, жумасына бир жолу учууга уруксат берүүнү сурады. Мындан тышкары 15-майдан баштап "Аваза" улуттук туристтик аймагын иштетүү сунушталды.
Сердар Бердымухамедов бул сунуштарды жактырды.
Өлкөдө коронавирус жок экенин айтып келген Түркмөнстан өкмөтү 2020-жылы мартта эл аралык аба каттамдарын толугу менен токтоткон.
Булак: NazarNews.kg