www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Шүкүрбек Эркебаев “Ата-Журтум Кыргызстан” тайпасынан Матраимовдорго Эмилбек Кимсановдун жана бир жылдан бери “Азаттыктын” коюп жаткан жалааларына ишенбөөгө чакырып, кыргыз элине кайрылуу жазып чыкты.
Анын кайрылуусу толугу менен төмөндө:
“Урматтуу эл-журт!
Кечиресиздер....Мен көптөн бери байкап олтуруп, калыстык сөзүмдү билдиргим келди. Матраимовдорго адвокаттык кылайын деген оюм жок, бирок, байкаган чындыгымды айтууга туура келди. Анткени, Матраимовдорго коюлган, коомубузда айтылып жаткан “Азаттыктын” жалаалары бир жылдан ашык убакыттан бери мыйзам алдында далилдей албай келет. Тергөө жүрүп жатат, токтоп калган жок, бүтө элек же “Азаттык” далилдерин алып келип беришкен жок.
Эми, Эмил Кимсанов дегенди ойлоп чыга калышып, дагы элдин баштарын айландыра башташты. Кимсанов айткан вилеодогу сөздөр күлкү келээрлик, чындыкка коошпойт. Акыл-эси жайындагы адамдар өздөрү анализ жасап көрсө болот. Атайын уюшулган провокация экени сокурга да көрүнүп турат. Ким уюштурса да кесипкөй журналист эмес экенин көргөзгөн. Ушундай (журналистби, башкабы) колдонгон “Азаттык”, “КЛООП”, “БАГЫТ.kg” жааматы силерге позор! Журналист деген улуу кесипке бок сүйкөп салдыңар шерменделер. Али менен Эмилбек Кимсанов шымын чечип көчүгүн көрсөтсө да чыгара бересиңерби? Силерге Батыштан же АКШдан келген каржыланган акчаңарды Матраимовдор талашып, силердин каражатыңарды алып, бэй-бечар, муктаж адамдарга таратып берип жатабы Ырыскыңарды талашып, силерге тийишип жаткандай, ар нерсеге алып барып Матраимовдорду жармаштырасыңар Матраимовдор эмне менен алек. Силер эмне менен алексиңер?
Убакыт тараза! Матраимовдорго канча күнөө коюп, жалаа жаап аракет кылбагыла баарына Кудай бар...Ак ийилип, сынбайт... Силерг заказ бергендердин буйругун аткарып, бир жылдан бери тынчыбай келесиңер. Мезгил келип, баары өз ордуна коёт. Себеби кара өзгөй, ичи тар, көрө албаган адамдар канчалык аракет кылбасын, жасаган аракеттери өзүнө кайтат. Кайтаар дүнүйө деген бар. Күнү келип, өзүңөрчө ич ара тытышып, бириңе бириң көр казып, казган көрүңөргө өзүңөр түшүп, бириңдин этиңди бириң жейсиң. Анткени калптын казаны кайнабайт. Матраимовдор карапайым эл менен бирге жашоону улап келет. Кудай колдойт буюрса. Себеби элдин, мамлекеттин казынасына кол салган жок. Анын баарын убакыт ордуна коюп жатат. Ким ууру, ким тууру мезгил тарза. Элге жардам берип жатса да "каяктан тапты" дешүүдө. "Исмаил Ата” кайрымдуулук фондунун каражаты кайдан келип жатканы да убагы келгенде айтылаар.... Коронавируска каршы күрөшүүдө 1миллион 600 миң тонна ун, 100 миң тоннадан ашык өсүмдүк майлар кайдан, 300000 ден ашык бет каптар, Саламаттыкты сактоо тармагына келген 20 ИВЛ аппараты, 20000 даана экспресс-тестер, 10 миңдеген адамдарга берилип жаткан азык түлүк ,тамак аштар. Бүгүнкү атайын ачылган республикалык счетко "Исмаил Ата" фонду тарабынан которулган 10 миллион сом жана башка аткарылып жаткан кайрымдуулук иштер, бул мезгилге чейин он жылдан ашык убакытта аткарылган, түрдүү багыттагы жүздөгөн соопчулуктар, кайрымдуулук иштер, Кудайдын жолуна берилген адал жардам деп билдирм.
Кудай көрүп турат. Буюрса кайрымдуулук иштердин арты токтобойт, ийгилик каалайм. Эл кызматында жүргөн " Исмаил Ата" фонду аш берсе, аны таш менен уруп, жакшылыктан жамандык издегенди токтотолу кыргыз элим! Арыктан аккан суунун кадырын билип үйрөнөлү! Баш көтөргөн кыргыздын жигиттерин бучкактан чаап, жамандыкка буйруп, кылган иштеринен арамдык издегенди токтотолу! Мындай кыйналып турган мезгилде тооба кылып, калыс болгонго аракет жасайлы! Мындан арамдык издеген бир ууч топтор жаңылышат. Ал каражаттар айлык акыга, мамлекетке “Азаттык” жармаштырган 700 миллион $ жалаа каражатка бир тыйын тиешеси жок.
Эгерде, Матраимовдор мыйзам бузган болсо, мыйзам чегинде жалааларды далилдеп, эл алдында өзүмдү-өзүм актаймын деп талап кылмак эмес. Айыбы бар адамдар өздөрү эле качып кетип жатат. Бул чындык. Билип, билбей жөөлөп,к имдир бирөөлөр өз кызыкчылыгы үчүн уюштурган провокацияларга алдырып, дүүлүккөндү токтотолу! Ким-ким экенин түшүнгүдөй болдуңуздар деп ойлойм.
Матраимовдорго Жараткан улуу эгем ыраазы болсун! Атаңарга ракмат деген сөздөн башка сөз болушу мүмкүн эмес.... Баардык элге аманчылык каалайм, сак болуп, башыбызга келген сыноодон ынтымактуу чыгып кетели”,-деп жазган Шүкүрбек Эркебаев.
Булак: NazarNews.kg