www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шумдугуң кургур! Кыздар бузулду

Бишкекте интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөтүп кардар тейлеген кыздар, аларды алдоо жолу менен иштетип акча тапкан эргулдар колго түшкөнүн милиция кабарлап турат. Мындай шумдуктуу жайдын Бишкекте өз ишин жүргүзүп келгенине көп болгон. Ал жай порно студия деп аталып, анда бир нече кыз жылаңачтанып алып эротикалык жана порнографиялык шоу көрсөтүшөт экен.

Кыздар керектүү жабдыктары бар атайын бөлмөдө интернет аркылуу кардарлар менен маектешип, алардын талаптарын белгиленген суммадагы акчага аткарып келишкен. Иликтөөнүн натыйжасында ар түрдүү даректе жайгашкан эки батир аныкталып, студияда болжол менен 10-15 кыз иштеген. Аларды иштеткендер 1991-жылы Ош шаарында туулган эки жаран болгон.

Милициядан кабарлашкандай, 2017-жылдын январь айында бул тармакта иштеген адамдар алдоо жолу ме­нен жашы жете элек кызды чет элдик жарандарга онлайн интим кызматын көрсөткөн студияда иштөөгө көндүрүшкөн. Алар кулактандыруу аркылуу жумуш издеген кызга чалышып, аны маектешүүгө чакырышкан. Бул боюнча жабыркаган кыз арыз жазган.

“Мындан тышкары, батирлерде ар кайсы аймактардан келишкен, борбордогу окуу жайларда окуган 5 кыз болгон. Алар веб-камера аркылуу чет өлкөлүк кардарларга кызмат көрсөтүп жатышкан. Тинтүү учурунда 10 компьютер, 16 веб-камера, флеш-карта, сим-карта, интимдик оюнчуктар табылган.

Булак: "Фабула" 

Последние новости