www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швециянын падышасы Карл XVI Густавдын келини ханайым София герцогиня Вермланд коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө дарыгерлерге жардам берет. Ал атайын окуу курстарын аяктаган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирүүдө.

Ханзаада Карл Филиптин жубайы инструменттерди стерилизациялоону, бейтаптар жана алардын туугандары менен туура сүйлөшүүнү, оорукананын администрациясына жардам берүүнү үйрөндү. Бул оорукананын ыктыярчыларынын атайын медициналык билими жок аткарган функциялары. Ханайым жумушка 20-апрелде чыгат. 

Швеция ханзаада Карл Филипп менен София Хэллквисттин үйлөнгөнүнө беш жыл болду. Жубайлар эки баланы тарбиялап жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости