www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швейцариянын Давос курортунда 23-январда Дүйнөлүк экономикалык форум башталды. Уюштуруучулардын айтымында, төрт күндүк жыйын маалында күн сайын 100дөй жолугушуу жана талкуу өткөрүлөт.48-ирет өтүп жаткан быйылкы салттуу форум “Бөлүнүп-жарылган дүйнөдө орток келечек түзүү” деген ураан менен өтүүдө.

Ага 60тан ашык мамлекет башчы келген, арасында АКШнын президенти Доналд Трамп да бар. Жыйынга ошондой эле жүздөгөн алдынкы компаниянын жетекчилери, илим адамдары, жарандык коом өкүлдөрү, эксперттер, дүйнө экономикасын башкарган элита катышат. Форумда экономикалык өсүш, айлана-чөйрөнү коргоо, терроризм, жасалма интеллект, Африканын келечеги өңдүү маселелер козголмокчу. Аталган форум эң популярдуу болуп саналат жана ага дыкаттык менен даяр көрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости