www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сироко Мессерли менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар суу ресурстарын башкаруу, айыл чарба жана туруктуу өнүгүү багыттарындагы кыргыз-швейцар кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Кыргыз тарап өлкөнүн суу ресурстарын башкаруу системасын өркүндөтүүгө багытталган «Кыргыз Республикасында суу пайдаланууга уруксат берүү системасы (WUP KG)» долбоорун ишке ашырууда Швейцариянын кошкон салымын жогору баалады.
Ошондой эле органикалык айыл чарба, мал чарбачылыгы, ветеринария, балык чарбасы жана аквакультура тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле ата мекендик продукциянын экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлор каралды.
Жыйынтыгында тараптар агроинновациялар, климаттык туруктуулук жана айыл чарбасын санариптештирүү багыттарында өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экендигин тастыктап, жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.