www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев жакында Чүйдүн аксакал-көк сакалдары менен жолугуп, өткөн кеткенди сүйлөшкөнүн өздүк булактар кабарлашты. Экс-ажо алардан бийликте турган кезде кетирген кемчиликтери үчүн кечирим сурап, күзүндө азыркы бийликке каршы турууга үгүттөгөнү айтылууда.

Кеңешмеде ал ставканы өзүнө эмес Албек Ибраимовго койууну, ал түрмөдө жатканда чүйлүктөрдү каршылык көрсөтүү акцияларына алып чыгууга үгүттөгөн. “Милиция Атамбаев тарапта болот, начальниктер бүт чүйлүктөр, алар бизди колдошот” деп ишенимдүү айткан. Андан сырткары, Албек Ибраимовдун аэропортто, мэрияда койгон кадрлары каражат жагынан колдошоорун билдирген.

Ошондой эле, “Сапар Исаковдун тарапташтары дагы кошулат, ММКнын жарымы Атамбаев тарапта болот, түндүк-түштүк маселесин көтөрөбүз” деген пландары менен бөлүшкөнү кабарланууда.

Атамбаевдин карманаар негизги аргументи “эмне үчүн Чүй, Нарын, Ысык-Көлдүн кадрлары кызматка коюлбайт, көбүн кызматтан алып камап жатышат” деген лозунг менен кооздолот дешет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости