www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл кыргызстандыктар алтынчы президентти шайлоо алдында турат. Ага 18 талапкер ат салышууда. Бул өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.

Өлкөнү башкарам дегендердин санынын көптүгү эмнеден кабар берет? Кыргызстанда чын эле эл үчүн күйгөн, кызмат кылам деген патриоттор көппү?

Саясатчы Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, саны канчалык көп болбосун, азыркы талапкерлерде эң башкысы эрк болушу керек. Буга чейинки бир да президентте саясий эрк болгон эмес.

«Поссоветтик мамлекеттер абдан саясатташкан эл. Азыркы заманда бир да адам саясаттан калбай, эки сөзүнүн бири саясат болуп калды.Шайлоо процессине элди алдап, добуш сатып алып, башка нукка буруп кетүү мүмкүн эмес. Тагдыр экен, беш президентти башыбыздан өткөрдүк. Акылдуусун, окумуштуусун, өндүрүшчүсүн, мультимиллионерин, демократын, момунун деле көрдүк.

Азыр бизде тарыхый шпоргалка бар. Биринчи же экинчи президент болсо, мейли ката кетиргидей. Бизде беш президент болду да. Эми алардан сабак алышыбыз керек. «Тарыхка мылтык атсаң, келечек сени замбирек менен атат» дегендей тарыхка карап иш кылганыбыз оң», - дейт ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости