www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл кыргызстандыктар алтынчы президентти шайлоо алдында турат. Ага 18 талапкер ат салышууда. Бул өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.

Белгилей кетсек, буга чейинки 2011-жылкы президенттик шайлоого 16 талапкер, 2017-жылкы шайлоого 11 талапкер ал эми буга чейинки шайлоого катышкан талапкерледин саны онго жеткен эмес.

Өлкөнү башкарам дегендердин санынын көптүгү эмнеден кабар берет? Кыргызстанда чын эле эл үчүн күйгөн, кызмат кылам деген патриоттор көппү?

Кыргызстандын Британиядагы мурдагы элчиси Бактыгүл Каламбекованын айтымында, талапкерлердин санынын көп болгону бул – кубандыраарлык иш.

«30 жылдын ичинде өмүр бою талапкерлерди чыгарып келе жатабыз. Алардын арасында таптакыр таанылбаган, эмгеги сиңбеген талапкерлер да бар.

Дагы бир кызык жагдай, президенттик же болбосо парламенттик шайлоого талапкер болуп калгандар муну өзүнчө бир мансап ойлоп алды. Мен өзүм катышкан чоң эл аралык аренадагы жыйналыштарда өздөрүн тааныштыргандарына күбө болдум. Алар: «Кыргызстандын Президенттигине үч жолку экс-талапкер» деп тааныштырды.

Муну угуп же кейий турганыңды же күлө турганыңды билбейсиң», - дейт ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости