www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоого карата бийлик армияны даярдап жатабы?

Бийлик армияны шайлоодон кийинки нааразылык акцияларын басыш үчүн колдонушу мүмкүн делген маалымат чындыкка дал келбей турганын Башкы прокуратуранан басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин «Ала-Тоо» полигонунда өзгөчө абал режими киргизилген учурдагы аскерлердин аракети боюнча машыгуу өткөн.

Аталган машыгуудан кийин «Жарандык көзөмөл комитети» башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылгандыгы буга чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган.

Башкы прокуратура уюмдун кайрылуусунда айтылгандар чындыкка дал келбей тургандыгын билдирип, машыгуу бир нече мамлекеттик органдар менен биргеликте өзгөчө абал режиминде тапшырмаларды аткарууга даярдык көрүү үчүн болгонун маалымдады.

«9-декабрда 73 809 аскер бөлүгүндө өткөн комплекстүү командалык-штабдык машыгууга элдик кошуун, Ички иштер, Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттык сактоо министрликтеринин кызматкерлери жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрү катышкан. Машыгуунун максаты –– өзгөчө абал режими киргизилген учурда армия менен башка мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнө даярдык көрүү», — деп жазылат башкы көзөмөл органдын маалыматында.

Башкы прокуратура жогоруда айтылган машыгуу шайлоого эч кандай тиешеси жок экендиги аныкталганын кошумчалады.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости