www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Азыркы соттордун баары Атамбаевдин соттору. Жээнбековдун түбүнө да ошолор жетишти», - дейт жарандык активист Шамурза Бөрүкулов. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
«Ушул күндө ооруп калып сотко катышпай жатыптыр. Өткөндө: «коронавирус болуптур, акыбалы оор экен, кан басымы түшүп кетиптир, оозуна суу тамчылатып калышыптыр, керезин айта баштаптыр» деген сыяктуу «суук кабарларды» адвокаты тыным жок, байма-бай айта берсе, бул жакта туруп боорубуз да ачып кеткен эле, жарыктык.
Анан эле 10-октябрь күнү Ала Тоо аянтында Садыр Жапаровдун колдоочуларынан качканда, алдына адам салбай, такасынан от чачырап чагылган болуп, анча-мынча жаштарды артка таштап миңге коюп чуркаганда, таптакыр эле оору кишиге окшогон эмес.
Азыркы соттордун баары Атамбаевдин соттору. Жээнбековдун түбүнө да ошолор жетишти. Эми болсо, Батукаев боюнча акташып: эл кантишет экен, чуу салбайт болду бекен дешип, биздин тамырыбызды акырын кармап көрүп жатышат. Чын эле, болжолумда менден башка Батукаев тууралуу эч ким айтпай да, жазбай да жатат. Эл унчукпай олтура берсек, эртең эле: «ооруп жатат» деген шылтоо менен, башка кылмыштарын да бокчого салышып, оозун бекем буушуп жым-жым кылып коюшат. Ошентип, Батукаевден кийинки эле өлкөдөгү экинчи рецидивист эркиндикке чыгат.
Менимче, Кыргызстанды ушул акыбалга алып келген, учуна чыккан ууру, ТЭЦти, музейди куруткан бир гана коррупционер бар. Ал да болсо Матраимов Райымбек. Альтернативдик жолдон ипподромдон, Датка Кеминден да Райым уурдаган. Самолет менен контрабанда жүктү алып келип Дача Сууну кыйраткан да Райымбек. Анысы аз келсе таможняны да жеп бүтүргөн Матраимов. Баары топтолуп жабышканы, каралаганы, үстүнөн жугунду куюшканы, кустурганы Райымбек Матраимов болуп калды. Калгандары баары аппак. Ар бирибиздин мойнубузда салаңдап илинип турган карызды да Райым илген. Анан кантип жаның кашайбайт. Акыйкатты жазып койсом: кээ бир эки буттуу айбандар: «Раимдин көчүгүн жала» дешип жатышат. Райым президент болбосо, өкмөттү башкарбаса, депутат болуп парламентте олтурбаса, а түгүл таможнянын замдыгынан бошогонуна да төрт жыл болуп жатса, анда мен эмне үчүн анын көчүгүн жалашым керек? Мен жугундукорлор окшоп Райымдын дворуна кирип, эшигин аңдып жатканым жок го. А түгүл Кыргызстанда да жокмун, сыртта жүрөм.
Элдин жаны ачыбаса, түрүлүп чыкпаса Садыр бизге кайдан келмек, ким бизге Садырды бермек. Ошонун сыңарындай, азыр биз талап кылбасак, баш көтөрбөсөк, айтпасак атамбаевчилер бүт жазасыз калышат. Атамбаев дегенде сотторду түшүнгүлө, сотторду көргөндө Атамбаевдер деп билгиле. Алар жеген акчаларды Кытайга биз өз чөнтөгүбүздөн төлөйбүз. Ушул жөнүндө ойлоп койгулачы, бай болгурлар!», - дейт ал.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg