www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында социалдык түйүндүрдө белгисиз бир Адилет Алиев дегендин шилтемеси менен түрмөдө жаткан Ө. Текебаев жүрөк оорусунан улам «о дүйнө салыптыр» деген маалымат бир топ эле адамдарды селт эттирип алды окшойт. Мындай суук кабарды ошол эле замат Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова «бул маалымат жалган, Текебаев аман-эсен эле» деп билдирди. Анын артынан көп өтпөй (аталган суук кабар чыгаардан бир күн мурун) «Ата-Мекен» фракциясынын көчмө жыйынын атайы Таласка барып өткөрүп келген учурдагы фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов да «бул жалган» деп үн какты. Ошол эле учурда мындай имиш-маалыматка карата «коомчулуктун реакциясын билүүүчүн кимдир бирөөлөр тараптан атайылап чыгарылган» деген пикирлер жаралды, эл арасында. Туура, бирок кимдер тараптан чыкты андай «имиш»? Бийликтенби же «Ата-Мекенчилер» тараптанбы? Ал эми кээ бир саясий серепчилер «мындай жалган маалыматтын атайылап таралышы Текебаевди абактан чыгарууга болгон аракет» деген сыпаттаманы айтып жатышат. Анан калса бул фейк маалымат жаралаардан эки күн мурун ошол эле «Ата-Мекен» фракциясынын сунушу менен Кыргыз парламентинде «Текебаевдин, Шыкмаматовдун, Салянованын 2010-жылдары «Мегакомдогу» акцияларды жымырып алууга болгон махинациялары чынбы?» деген тариздеги суроонун айланасында УКМК менен Башкы прократуранын жетекчилеринин катышуусунда талкуу болгонун баарыбыз көрдүк. Бирок, аягы келип ал талкуу аны көгүлтүр экрандан көрүп олтурган карапайым эл эле эмес, Жогорку Кеңештин депутаттарынын өздөрүнүн баштары айланып калган жыйынга айланып калды. Бир сөз менен айтканда ЖКдагы ошол жалпы жыйында «атамекенчилер» биринен сала бири улуу трибунаны пайдаланып канчалык жандалбашса да алар ойлогондой натыйжа бере албады.
Ошол эле учурларда УКМКнын экс-жетекчиси А. Сегизбаевдин «Текебаевди каралган «Белиз-гейт» маселеси далилдүү материалдардын негизинде жүргүзүлгөн» деген маанайдагы ММКларга берген маеги да көптөрдү түшүнүксүз ойлорго такап салды. Анан эле жогоркудай окуялардан эки күн өтпөй тигинтип «Текебаев өлүп калыптыр» деген маалымат жаралып олтурат. Ал эми мындай жалган кабардын натыйжасында Текебаевди камактан чыгаруу же чыгарбоо тууралуу суроолор коомчулуктун назарында азбы-көппү пайда боло түштү. Анан өзүнөн-өзү суроо жаралды, «түрмөдөгүӨ. Текебаевдин өмүрүнө кокус чындап эле коркунуч жаралып калса анда ким жооп берет?» деген сыяктуу. Ошондо бир ок менен эки коендуу атууга болгон андай аракет кимдерге пайдалуу болмокчу? Балким ушундай жасалма ыкмадан улам Текебаевди жакынкы учурларда түрмөдөн чыгаруу маселеси да чечилип калышы мүмкүн. Анан калса бул «оюн» кадимикми эле «Жетинчи ок» көркөм тасмасындагы коммиссар Максумовдун шапкесине каткан акыркы огундай болуп кайсы бир тараптын Текебаевди түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда чыгаруу үчүн жасалган соңку аракеттери болушу да мүмкүн?
Булак: «Айгай-пресс»