www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурунда Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болуп, Кыргызстанда бир нече экономикалык кылмыштар боюнча сыртынан соттолуп, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич “Азаттык” радиосу менен баарлашып, “Бакиевдер 200-300 миллион долларды уурдап кеткен” деген темада маек берген.

Бүгүн анын айткандары коомчулукта кызуу талкууга жаратып, бири ал айткан маалыматтарга ишенгиси келсе, экинчиси аны “эл аралык деңгээлде шылуун”, деп ага ишенүүгө болбосун айтышууда. 8 жыл мурун бийликтен кеткен Бакиевдер тууралуу Максимдин жакын адамына айланган Гуревич бүгүн ойгоно калып эле алар тууралуу ойго келбеген маалыматтарды берип, ал тургай кыргыз өкмөтү менен иштешүүгө даяр экенин жарыялаганы чыны менен таңгалдырды. Башкасын го билбейм. Мени эл аралык деңгээлдеги адам бул аракети менен жек көрүндүгө айланып бараткан Атамбаевдин ишин унуткартып, элдин көңүлүн Бакиевдерге бурууга далалат жасап жаткандай ойду ойлоого аргасыз кылды. Аферист Гуревичтин бардык аракети “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди Маевскийдин көрсөтмөсү менен түрмөгө камагандай сценарий кайталоо аракети башталгандай сезилди.

Бул тууралуу маек учурда кызуу талкуу жаратып, “чычыңдагандар көбөйдү”. Алсак  “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов, “Фабула” гезитинине Гуревич тууралуу агынан жарылган.

Маегинде , Гуревичтин айткандарын акка чыгарып, Бакиевдер чыгарып кеткен 300 млн доллар долларды кайтаруу тууралуу аракетти көрүү керек деген.

Шыкмаматов, жогорку билимдүү абройлуу эле депутат. Буга чейин бул маселе бир эмес бир нече жолу айтылган, 8 жылдан бери эшек такалап жүрдүбү?

Анчалык кыйын экен Ош окуясы, Дача СУ,  Алмазбек Атамбаевдин убагында жоголуп кеткен 3 тонна алтынды таап берсе жакшы болот эле. Эл сүйлөсө дагы Шыкмаматов сүйлөбөсүнчү, тырбалаңдап...

Бир орустун айынан Текебаев “шепи” камалып темир тордун артында жатканын унутуп калдыбы?  Акылыңа келчи Шыкмаматов,  дүйнөлүк аферист Гуревичке карап жымыйбай. Максим Бакиевге го Максим Бакиев аны менен кыйын болсоңор жекеме-жеке эсептешкиле....

Булак: NazarNews.kg

Последние новости