www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы бийлик менен өкмөт эл менен мамлекеттин ырыскысын жеп куруткан коррупционерлерге каршы аёсуз күрөш жүргүзгөндүгү колдоого аларлык көрүнүш. Бирок өлкөбүздүн ички жана сырткы карызы ачыган камырдай күндөн-күнгө көбөйүп, Кыргызстан дефолт абалына жакындап калды. Каржы министрлигинин быйылкы жылдын июнь айына карата берген маалыматы боюнча, Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызынын өлчөмү 4 млрд. 411,03 млн. АКШ долларын түзгөн. Мунун ичинен тышкы карыз 3 млрд. 809,19 млн. долларды, ички карыз 601,84 млн. долларды түзөт. Өлкөбүздүн өлө көп карызы Кытайдын "Экспорттук-импорттук банкына" туура келет ага элибиз 1,7 млрд. доллардан ашуун сумманы төлөшү керек.

Бул тышкы карыздын 45% жакынын түзөт. Айтор башкасы кечирсе да, тээ Африка өлкөлөрүнүн карызы үчүн порттору менен жерлерин кертип алган Кытай эртеби-кечпи карызыбыз үчүн Ысык-Көлдүн же Нарындын бир бөлүгүн талашпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Жыл башынан тартып, июль айына чейин мамлекеттик (тышкы+ички) карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 13 млрд. 305 млн. 300 миңден ашуун сом сарпталган. Өзүңүздөр көрүп тургандай, өлкөбүздүн казынасынын көп бөлүгү ички жана сырткы карызды жабууга гана кетүүдө. Андыктан чакан болсо да ишкана ачып, жергиликтүү өндүрүштү колго алуу биздин "жакшылардын" оюна да келбейт.

Ошол эле учурда жыртык тешик казынадан 300 млн. сом коротуп, саналуу күндөрдөн кийин дүйнөнү дүңгүрөтө Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөргөнү турабыз. Себеби бизге шымыңдын арты жыртык болсо да, эл аралык деңгээлде мактануу, куру намыс баарынан жогору турат. Адистер бекеринен М.Абылгазиев башкарган өкмөт техникалык гана функцияны аткарып, эч кандай экономикалык реформа жасай албай тургандыгын алдын ала бекер айтышпаган тура.

Булак: "Майдан.кж"

Последние новости