www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы телефон сүйлөшүүсүндө АКШнын президенти Жо Байден Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге саммит сунуштады, бирок Кытай лидери баш тартты. Бул тууралуу эки лидердин сүйлөшүүлөрүнүн   Financial Times жазып чыкты.

Алардын айтымында, Байден 90 мүнөттүк сүйлөшүүдө Си Цзиньпин менен бетме-бет жолугушууну сунуштаган, бирок макул боло алган эмес. Бул АКШнын бир катар расмий өкүлдөрүнүн Бээжин Вашингтон менен катаал оюнду улантууда деген тыянакка келишине алып келди.

Байдендин администрациясы эки лидердин акыркы телефон сүйлөшүүсүн "АКШ менен Кытайдын ортосундагы бир катар дипломатиялык байланыштар олуттуу жыйынтык бере албагандан кийин Си Цзиньпиндин олуттуу диалогго даярдыгын текшерүү үчүн мүмкүнчүлүк" катары сыпаттаганы белгиленди.

Эске сала кетсек, АКШ президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин ушул жылдын 9 -сентябрында телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости