www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Эл Республикасы Казакстанда атайылап баш аламандыктарды уюштуруп жаткан тышкы күчтөргө чечкиндүү түрдө каршы. Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылуусунда айтылды.
«Кытай туруктуулукка доо кетирип, Казакстандын коопсуздугуна коркунуч туудурган бардык күчтөргө чечкиндүү түрдө каршы турат», - деп айтылат Си Цзиньпиндин билдирүүсүндө.
Кытай президенти ошондой эле өлкө кытай-казак достугуна доо кетирүү жана эки өлкөнүн кызматташуусуна тоскоол кылуу аракеттерине чечкиндүү түрдө каршы экенин билдирди.
“Кытай Казакстанды атайылап дестабилдештирип, түстүү ыңкылапты козутуп жаткан тышкы күчтөргө чечкиндүү түрдө каршы турат”,-деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда билдирүүдө бир тууган кошуна жана туруктуу стратегиялык өнөктөш Кытай Казакстанга бардык зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө жана кыйынчылыктарды жеңүү үчүн колдон келгендин баарын кылууга даяр экени айтылат.
Юлдуз Абдурашидова, Ташкент
Булак: NazarNews.kg