www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Атамбаев Россияга бүт рычагдарды өткөрүп берип жатканда каякта элеңер?” – деди, журналист Азиз Дүйшөбаев.
Ага кошумча: --Казакстанга аскер жибергенге дээрлик бүт Кыргызстан каршы болду окшойт. Баарыбыз патриот, көрөгөч, боорукер, анан революционерлер менен тилектеш болуп. Макул дейли. "Мен эч кимди укпайм, өз алдынча саясат жүргүзө алам, биз суверендүү өлкөбүз деп аскердик жардамдан баш тартып, колуңардан келгенин кылып алгыла" десин президентибиз. Бул деген ОДКБнын келишимдерине баш ийбейбиз деген сөз.
Демек эл аралык келишимдерди бир тараптуу буза алам деген ишарат болот. Андан ары кандай болот? Кыргызстан Россияга каш кайрый турган абалдабы азыр? Колу буту толук байлануу. ЕАЭСке кирген күнү биротоло байланган. Көп багыттуу эркин саясат жүргүзүү 2010-жылы токтогон. Атамбаев Россияга бүт рычагдарды өткөрүп берип атканда каякта элеңер көрөгөч, билермандар? Ошондо ак үй, көк үй алдында барып, айлап жылдап жатып талашыш керек болчу! "Жоо кеткен соң кылычыңды бокко чаап", дейт. Россиянын кош стандарттуу саясатынан кутулуп, эркин саясат жүргүзө алган, өнүккөн өлкөдө мен да жашагым келет! Ал күн деле келээр буюрса. Бирок биз бүгүн жашап жатабыз да. Стратегиялык өнөктөштөрдү тандап алганбыз өзүбүз, кол коюп берген да билесиңер ким экенин. Биздин бүгүнкү экономикалык, геосаясий абалыбыз чакталуу. Чоң державалар менен тил табышып жашаганга аргасызбыз. Биз Украина да эмеспиз. Казахстан да эмеспиз. Калп эле эдиреңдебейли. Көчүгүңө ченеп иш кыл дейт го.
Мен да патриотмун. Бир дагы кыргыз баласынын башынан чач түшкөнүн каалабайм. Казак, кыргыз бир тууган элбиз. Ошенсе да пиар кылгандын да жөнү болот. Алды артыбызды карап иш кылбайлыбы жылаңач баатырлар!Кыргыз кыйын элбиз, баатыр элбиз. Тарыхыбыз укмуш эми. Бирок бүгүнкү чындык ушундай, - дейт Азиз Дүйшөбаев.
Белгилей кетсек, Алматыдагы митингдин катышуучулары бир топ ири ишканаларга зыян келтирип, талап-тонолуп, миңден ашуун жарандар жабыркап, 18 полиция кызматкери каза тапкан.
Россия Федерациясынын президенти В.Путин 5-январда Казакстандагы абалга байланыштуу тез арада Казакстанга куралдуу күчтөрүн киргизүү жөнүндө буйрук чыгарган.
Буга чейин белгилүү болгондой, Касым-Жоомарт Токаев Казакстандагы абалды жөнгө салуу максатында ЖККУга кайрылган.
Ушул тапта Алматы калаасында куралдуу күчтөрдүн көзөмөлүндө турат.
Булак: NazarNews.kg