www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран акыркы 4 айда Афганистандан 800 000 качкындын өлкөгө киргендигин жарыялады. Бул тууралуу трт.нет кабарлады.

Ирандын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян норвегиялык кесиптеши Аникен Хойтфельд менен Афганистан жана Йемендеги адамзаттык кризис менен өзөктүк маселелерди  телефон аркылуу сүйлөштү.

Сууктун башталышы менен Иранга кирген афган мигранттардын саны көбөйгөнүн белгилеген Абдуллахиян:«Иран чек арасына күн сайын 5 000 афган келет. Акыркы 4 айда Афганистандан Иранга 800 000 мигрант келди. Үйлөрүн таштап кеткен бул адамдарга Афганистандын ичинде  жардам жеткирүү үчүн аракет кылып жатабыз",- деди.

Абдуллахиян  Норвегия жибере турган гуманитардык  жардамдарды кургактык жана аба жолу аркылуу ээлерине жеткире алышарын айтты.  

Австриянын борбор шаары Венадагы өзөктүк сүйлөшүүлөргө токтолгон Абдуллахиян жалпы тенденциянын оң экенин белгилеп:«Экинчи тарап (Россия, Кытай, Британия, Франция жана Германия) өзөктүк келишимдеги милдеттенмелерине толугу менен кайтып келсе, Иран да кайтып келет. Батыштык өлкөлөр жакшы ниеттерин бир гана сөз менен эмес кыймыл менен да ортого салышы керек. Иш жүзүндө санкциялардын жоюлушу жана атомдук келишимге кайтуу»,- деди.

Норвегиянын тышкы иштер министри Хойтфельд январь айында борбор шаар  Ослодо Афганистан жана Йемендеги гуманитардык кризиске байланыштуу жыйын өткөрө тургандарын белгилеп, Абдуллахиянды жыйынга чакырды.

Последние новости