www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапониянын борбор шаары Токиодо акыркы 4 жылда биринчи жолу жааган калың кардан кийин 200дөн ашуун киши тайгаланып жыгылышы сыяктуу жеңил жаракаттар менен ооруканаларга жаткырылды. Бул тууралуу трт.нет кабарлады. 

Жапониянын метеорология агенттиги (JMA) жуманын башында өлкөнүн батыш жана түндүк аймактарында таасирдүү болгон муздак абанын чыгыш жана түштүк аймактарга багыт алганын жарыялады.

Борбор калаанын 23 районуна «катуу кар жаайт» деп эскертилген билдирүүдө шаар элин «тоңуу жана жол кыймылынын үзгүлтүккө учурашынан сак болууга» чакырды.

Токионун Өрт өчүрүү департаментинин маалыматы боюнча, тайгаланып жыгылган 215 адам ооруканага жаткырылган жана шаар боюнча 77 жол кырсыгы катталган.

Калың кардан кийин 100дөн ашык унаа Метрополитен шоссесинин Gate Bridge аймагында тыгылып калды. Токио булуңундагы Rainbow көпүрөсү тоң коркунучунан улам унаа кыймылы үчүн жабылды.

JMA акыркы жолу жалпы Токио үчүн «катуу кар» эскертүүсүн 2018-жылдын январында жарыялаган.

Последние новости