www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз аскерлеринин Казакстанга жөнөп жаткан видеосу

Казакстанга 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлдү. Жоокерлер негизинен стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга жардам бермекчи.

Кыргыз аскер контингенти ЖККУнун алкагында Казакстандын аймагына кырдаалды турукташтыруу максатында Кант шаарынан учуп кетти. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлигине шилтеме берип РИА Новости агенттиги жарыялады.

"Кант шаарындагы аэродромдон эки Ил-76 учагы менен кыргыз аскерлери учуп кетишти", — деп айтылат кабарда.

Белгилей кетсек, ЖККУ Коопсуздук кеңеши казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин улуттук коопсуздукка жана өлкө суверенитетине келген коркунучтарга байланыштуу кайрылуусунун негизинде тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. Кыргызстандын Жогорку Кеңеши аскерлерди жөнөтүүгө бүгүн макулдугун берип, жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ага ылайык, Казакстанга 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлдү. Жоокерлер негизинен стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга жардам бермекчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости