www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шекер айылынын тургуну Каныбек Токторалиев КР президенти Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге жана баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жасады.

-- Менин кайрылуум - Кыргыз Республикасынын президенти, урматтуу Садыр Жапаровго.

Кыргызстанда качан мыйзам диктатурасы орнойт? Сиз коомдук телеканалдардан жана интернет булактардан айтып жатасыз, мындан ары бийлик эл үчүн иштейт деп. Бирок мамлекеттик кызматкерлер, прокуратура, милиция жана УКМК кызматкерлери жалаң гана чиновниктердин, интригандардын кызыкчылыгына иштеп жатышат. Бир жылдан бери акыйкат издеп, аталган инстанциялардын эшигин каккылап келебиз. Эч майнап чыкпайт.

Ата энем, бир туугандарым ден-соолугунан жабыркады, туш-тараптан кысым көрсөтүлүп келет. Президенттин администрациясына, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге жеке кайрылуу жасадык, эч майнап чыкпады. Район акими, областтын губернаторуна чейин кайрылдык. Прокуратура кызматкери иштин баарын парданын артында туруп алып, жаап коюп жатат. Мыйзам иштебесе, мамлекеттик кызматтар иштебесе, бизге окшогон карапайым үй-бүлөлөр тебеленип эле кала беребизби?

Эгерде ушул кайрылууну окусаңыз, же жардамчыларыңыз окуса, баардык фактылар менен Сизге жеке жолугууга даярмын. Бир жылдан бери кайталанып келе жаткан мыйзамсыздык (чиновничий беспредел) боюнча 2 том далилдер чогулду, - дейт Талас областынын Кара-Буура районунун Шекер айылынын тургуну.

(Толугу менен маекти эртең, 8-январда саат 19:00 NazarNews маалымат агенттигинин Youtube каналынан көрө аласыздар)

Эске сала кетсек, Токторалиев Каныбек жергиликтүү укук коргоо органдарына бир нече жолу кайрылганы менен, майнап чыккан эмес. Аталган окуя Фейсбук жана башка социалдык тармактарга чыккандан кийин, "жер талаш" фактысы боюнча текшерүү жана иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Милиция кызматкерлери өздөрүнө ыйгарылган укуктардын чегинде чараларды көрөт жана жогоруда айтылган Шекер айылында мыйзам бузууларга жол бербей тургандыгын билдирген Талас ОИИБинин басма сөз кызматы.

Ошондой эле, 2022-жылдын 3-январь күнү Кара-Буура РИИБине 102 телефону аркылуу Шекер айылынын 1952-жылы туулган Токторалиев Каныбек кайрылган. Анда Шекер айылынын түндүк тарабында жайгашкан Күркүрөө суусунун жээгинде жайгашкан үлүш жерине Шекер айылынын тургундары бир нече жарандар малдарын жайып жатканынан, эмнеге жайып жатасынар деп кайрылса, оозго алгыз жаман сөздөр менен сөгүшүп аттары менен койдуруп жатышат деп билдирген.

К.Токторалиевдин арызы Кара-Буура РИИБинин каттоо журналына катталып, арыз Кара-Буура РИИБинин окуялар жөнүндө маалыматтарды электрондук эсепке алуу журналына катталган материалга кошулуп текшерүү жүргүзүлүүдө, деп кошумчалады Талас ОИИБинин басма сөз кызматы.

Окуянын чоо-жайы тууралуу материалдар топтолууда.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости