www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ватикан Кытайга Рим папасы Франциск менен Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин жолугушуусун Казакстандын борбору Нур-Султанда уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу Reuters жазды.
Кабарларга караганда, Пекин убакыттын жетишсиздигин шылтоолоп, иш-чараны четке какты. Ошол эле учурда Кытай тарап «бул ишаратты жогору баалай турганын» билдирди.
Болжолу, понтифик Си менен Азия мамлекетиндеги Рим-католик чиркөөсүнүн статусун талкуулоону пландаган
Белгилей кетсек, Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылдын 15-сентябрында Өзбекстандын Самаркандында башталган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. «Комсомольская правда» гезити жазгандай, алдыдагы жолугушуунун фонунда Кошмо Штаттардын бийликтери Орусия Федерациясы менен Кытайдын жакындашуусуна тынчсыздануусун билдирди.
Буга чейин Рим папасы Франциск бүгүнкү кагылышуулардын контекстинде «адилеттүү согуш» түшүнүгүн кайра карап чыгууга чакырып, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун аскерий жаңжалдарды токтотууга жетише албаганына көңүл бурган.
Булак: NazarNews.kg