www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын технологиялык мүмкүнчүлүктөргө умтулуусун чектөө анын өнүгүүсүнө тоскоолдук жарата албай турганын  Бээжинде Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте менен жолугушууда Кытайдын лидери Си Цзинпин билдирди.

"Кытай эли мыйзамдуу өнүгүүгө укугу бар, эч кандай күчтөр Кытайдагы илим жана технологиялар тармагындагы өнүгүү жана прогресс ылдамдыгын токтото алышпайт", - деди ал.

Рютте 26-27-март күндөрү Кытайда алгачкы иш сапар менен болду. Аны соода министри Жеффри ван Леувен коштоп жүрдү.

Кытайлык жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, Нидерланд өкмөтү былтыр Кытайга жарым өткөргүчтөрдүн өндүрүшүнө зарыл жабдыктарды сатууга чектөө киргизген. Бул өлкөнүн чип жасоого зарыл жабдык өндүргөн ASML компаниясы телефондон тартып автомобилге чейинки өндүрүштө колдонулуучу заманбап жарым өткөргүчтөрдү чыгаруучу ири дүйнөлүк ишканалардын бири экени белгилүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости