www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-мартка караган түнү Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Крокус Сити холл» борборуна болгон чабуулда набыт болгондордун тизмесин толуктады. Бул кандуу окуяда каза болгондордун саны 143кө жетти.

Аталган мекеменин расмий сайтында тизме соттук-медициналык изилдөөнүн тыянагына жараша түзөтүлүп турары эскертилген.

27-мартта күнү ооруканага жеткирилгендердин бир каза болгонун Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко билдирген.

Министр дагы төрт бейтаптын абалы өтө оор экени, 19 адамдын алардын арасында үч баланын, абалын дарыгерлер оор деп мүнөздөп жатышканы, 34ү орточо оор абалда экени маалымдалды.

Буга чейин Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул кол салуудан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошкон.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аларды каза болду деп айтууга азырынча эрте деген маалымат таратты.

22-мартта Москванын чет жакасындагы «Крокус Сити холл» борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын маалымдаган. Алардын сегизи тергөө абагына камалды. Камалгандардын жетөө тажикстандыктар, бирөө теги кыргызстандык экени белгилүү болду. 

Последние новости