www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Свердлов райондук прокуратурасы Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын айрым жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Свердлов райондук прокуратурасы Бишкек ШИИБдин Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгында коррупцияга каршы аракеттенүү мыйзамынын жана КР Укук бузуулар жөнүндө кодекстин талаптарынын сакталышына текшерүү жүргүзгөн.

«Свердлов райондук сотунун токтомдору менен А.у.С., А.И., С.А., А.Н. жана Д.Т. аттуу жарандар Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 193-беренеси (мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү) менен айыпталып, үч суткага камакка алуу тууралуу чечим кабыл алынган. Токтомдор аткарылышы үчүн Бишкек ШИИБдин Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгына жиберилген», - деп айтылат маалыматта.

Бирок текшерүүдө башкармалыктын айрым жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, өздөрүнө же болбосо башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылыктарды алуу максатында жогоруда аталган жарандарды өз убагында шаардык милициянын Коомдук коопсуздук кызматынын атайын кабыл алуу жайына жеткиришкен эмес.

Автоматташтырылган маалыматтык системасында токтомго «Аткарылгандыгына байланыштуу кыскартылган» деген статус ыйгарылганы аныкталган. Тергөө жүргүзүү УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости