www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 24-январында Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлиги КПК БКнын (Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитети) Саясий бюросунун мүчөсү, Борбордук аскердик кеңештин (БАК) төрагасынын орун басары Чжан Юсяга карата расмий иликтөө башталганын жарыялады. Ал партиялык тартипти жана мыйзамдарды олуттуу бузууга шектелүүдө. Чжан Юся Кытайдын аскердик жетекчилигиндеги негизги фигуралардын бири болуп, партиялык жана күч түзүмдөрүнүн эң жогорку чөйрөсүнө кирген. Ошол эле учурда Борбордук аскердик кеңештин мүчөсү, КЭААКтын (Кытай Эл Азаттык Армиясы) Бириккен штабынын башчысы Лю Чжэньли да тергелүүдө. 

Кытай армиясынын эң жогорку жетекчилигинин камакка алынышы саясий жана аскердик чөйрөдө болуп көрбөгөндөй олуттуу окуялардын бири болуп эсептелет. Иш козгоо чечими партиянын Борбордук комитетинде каралып, кабыл алынганы окуянын саясий маанисин дагы да күчөтөт.

Азыркы учурда Кытайдын дээрлик бардык жогорку аскер жетекчилери болгон Борбордук аскердик кеңештин мүчөлөрү кызматтан четтетилди. Жети мүчөнүн ичинен Си Цзиньпин жана анын жаңы орун басары, Си Цзиньпиндин жердеши Чжан Шэнминь гана калды. Дал ушул Чжан Шэнминь КЭААКтагы тазалоо иштерин жетектеп жатат.

2023-2025-жылдар аралыгында Кытайдын коргоо министри Ли Шанфу, саясий башкармалыктын башчысы Мяо Хуа, БАКтын төрагасынын орун басары Хэ Вэйдун да камакка алынган.

Учурда Кытай армиясынын жетекчиси болуп КЭААКтагы көзөмөл комитетинин башчысы, Кытайдын ядролук күчтөрүнөн чыккан Чжан Шэнминь эсептелет.

Кытайлык аскерий байкоочулардын айтымында, Чжан Юсянын камакка алынышы Си Цзиньпин бийликке келгенден берки эң катуу жана шок жараткан саясий окуя болуп саналат. Бул окуя Бо Силай – Чжоу Юнкан ишинен да, мурдагы премьер-министр Ли Кэцяндын күтүүсүз өлүмүнөн жана Ху Цзиньтаонун партиялык съездден чыгарылышынан да маанилүүрөөк деп бааланууда.

Чжан Юся Си Цзиньпиндин бийлигинин негизги тиреги катары саналган. Ошондуктан аны жана Башкы штабдын башчысы Лю Чжэньлини камакка алуу үчүн өтө олуттуу негиздер болушу керек экени белгиленет.

Оппозициялык маалымат каражаттары Чжан Юся менен Лю Чжэньли мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылгандан кийин камакка алынган деген версияны жайылтууда. Маалыматтарга караганда, генералитет 2026-жылдын 18-январына караган түнү Си Цзиньпинди тактан кулатып, камакка алууну пландаган. Ал күнү Си Цзиньпин Пекиндеги “Цзинси” өкмөттүк мейманканасында токтомок. Бирок операцияга эки саат калганда маалымат сыртка чыгып кеткен.

Си Цзиньпин дароо “Цзинси” мейманканасынан чыгып, контроперация уюштурган. Айрым маалыматтарга ылайык, мейманканада Си Цзиньпиндин күзөтү менен КЭААК аскерлеринин ортосунда атышуу да болгон. Андан соң Чжан Юся, Лю Чжэньли жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн камакка алуу буйругу берилген. Расмий билдирүүлөр болсо кырдаал толук көзөмөлгө алынгандан кийин гана жарыяланган.

Маалыматтарга караганда, Башкы штабдын иши убактылуу токтотулуп, буйруктар Борбордук аскердик кеңеш тарабынан шифрленген телеграммалар аркылуу берилүүдө. Бардык аскер бөлүктөрү жогорку даярдык абалына келтирилип, аскерлердин жылышы токтотулган. Маалыматтын сыртка чыгышын алдын алуу үчүн офицерлер менен жоокерлердин уюлдук телефондору конфискацияланган.

The Wall Street Journal басылмасынын маалыматына ылайык, Чжан Юся АКШга Кытайдын ядролук курал программасы тууралуу маалымат берген деп айыпталууда. WSJнин булактары билдиргендей, расмий жарыядан бир нече саат мурун Кытай армиясынын жогорку жетекчилиги үчүн жабык брифинг өткөрүлгөн.

Ал брифингде Чжан Юся аскердик техника боюнча изилдөө, иштеп чыгуу жана сатып алууларды көзөмөлдөгөн түзүмдө кызматтык өсүү үчүн ири суммадагы акча алган деп айыпталган. Бирок эң шок жараткан доомат – Чжан Юся АКШга Кытайдын ядролук куралы боюнча негизги техникалык маалыматтарды өткөрүп берген деген билдирүү болгон.

Ошондой эле батыш байкоочулары Чжан Юсянын камакка алынышын анын уулу Чжан Хунлинь (1968-жылы туулган) атасынын кызмат абалын пайдаланып, ири киреше тапканы менен байланыштырышат.
Чжан Хунлиньдин аты аскердик сатып алуулар, аскердик-жарандык интеграция, кыймылсыз мүлк жана материалдык-техникалык камсыздоо сыяктуу сезимтал тармактардагы бизнес чынжырларында бир нече жолу аталган.

Аскердик сатып алуулар тармагында Чжан Хунлинь көзөмөлдөгөн компаниялар аскер техникасын тандоо, тейлөө жана логистика боюнча тендерлерди улам-улам утуп турган. Бул тендерлер өтө жабык өткөрүлүп, атаандаштар алдын ала катышуудан баш тартууга мажбурланган. Жеңип чыккан келишимдердин баасы базар баасынан 30-60% жогору болгон.

Кыймылсыз мүлк рыногундагы өсүш маалында Пекин аскер округуна таандык бир нече жер тилкелеринде элиталык турак жай жана коммерциялык комплекстер курулган. Алардын жалпы аянты 200 миң чарчы метрден ашкан.

Индиялык кытай таануучу адис Манодж Кевалрамани бул окуяны Си Цзиньпин доорундагы кытай элитасы үчүн бурулуш учур деп баалайт. Анын айтымында, Си Цзиньпин менен Чжан Юсянын ортосундагы мамиле КПКнын алкагында эң жакын мамилелердин бири болгон, аталары да бири-бири менен жакын тааныш эле. Чжан Юсянын камакка алынышы эң терең жеке жана саясий байланыштар да мындан ары коопсуздук кепилдиги болбой калганын көрсөтөт.

Жыйынтыктап айтканда, мындай жогорку даражалуу аскер жетекчилерине каршы иликтөө КЭААКтагы башкаруу системасында жаңы этаптагы антикоррупциялык кампаниянын жана ички кайра түзүүлөрдүн башталганынан кабар бериши мүмкүн.

Бул окуя Кытай жетекчилигинин ичиндеги күчтөрдүн тең салмактуулугуна да, КЭРдин мындан аркы аскердик саясатына да олуттуу таасир тийгизиши ыктымал.

Последние новости