www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дональд Трамп Түштүк Кореядан импорттолгон товарларга тарифтерди 25 пайызга чейин көтөрдү. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы Truth Social баракчасына жарыялады.
Америка президенти Сеулду өткөн жылы жетишилген соода келишимин аткарбагандыгы үчүн айыптады.
Дональд Трамптын айтымында, ал Түштүк Кореядан келген продукцияларга карата бажы төлөмдөрүн учурдагы 15%дан 25%га чейин көтөргөн. Бул чара автомобилдерди, жыгач материалдарын жана фармацевтикалык продукцияларды камтыган кеңири товарлар тизмесине тиешелүү.
Өз кезегинде Түштүк Кореянын бийлиги тарифтерди жогорулатуу боюнча расмий билдирүү ала электигин айтып, бул маселе боюнча Вашингтон менен шашылыш түрдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин билдиришти.
Эки өлкөнүн ортосундагы келишим 2025-жылдын октябрь айында түзүлгөн. Ага ылайык, Түштүк Корея АКШнын экономикасына 350 миллиард доллар инвестициялоону милдеттенген. Аталган каражаттын бир бөлүгү кеме куруу тармагына багытталышы керек болчу.
Документ 26-ноябрда Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясына киргизилип, учурда кароодо турат. Жергиликтүү маалымат каражаттары келишим февраль айында бекитилиши мүмкүн экенин жазышкан.