www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында "Элит-Строй-Сити" курулуш компаниясынын башкы директору менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында "Манас" турак – жай комплексинин батирлеринин ээлери президент Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге "Элит-Строй-Сити" курулуш компаниясына карата батирлерди өз алдынча жасалгалоо үчүн өткөрүп берүү мөөнөтүн бузуу жана курулуш иштерин создуктуруу фактысы боюнча чара көрүү жөнүндө видео кайрылуу жасагандыгына байланыштуу КР УКМК текшерүү иш-чараларынын комплексин баштады.

Мындан улам, 2026-жылдын 26-январында КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын имаратында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда "Элит-Строй-Сити" курулуш компаниясынын жетекчилери Б.К.Касымжанов, Б.Али уулу жана У.О.Султанов менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө курулуш иштеринин жүрүшүнө таасир этүүчү факторлор, ошондой эле турак жайларды өз алдынча бүткөрүү үчүн жеткирүүдөгү кечигүүлөрдүн себептери тууралуу маалыматтар угулду.

Өз кезегинде, «Элит-Строй-Сити» курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө өлкө жетекчилиги тарабынан ишкердик чөйрөнү колдоо, анын өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан саясат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жана акционерлер алдындагы милдеттенмелерин так сактоо зарылдыгы жөнүндө маалымат берилди. 

Буга байланыштуу, "Элит-Строй-Сити" курулуш компаниясынын жетекчилиги курулуш иштерин аяктап, объектилерди 2026-жылдын сентябрь айына чейин өз алдынча бүткөрүүгө өткөрүп берүүгө милдеттенди.

Ошол эле учурда, «Элит-Строй-Сити» курулуш компаниясынын жетекчилигине курулуш иштери аяктаганга чейин алар үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүгө чектөөлөр киргизилип, турак жайларды этап-этабы менен жеткирүүнү көзөмөлдөө күчөтүлүп жатканы маалымдалды.

Последние новости