www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни эл алдында акыркы сапарга узатуу зыйнаты 27-сентябрга Токиодогу "Будокан" аренасында (Согуш өнөрү залы) пландалып жатканын NHK жана Киодо маалымат агенттиктери өз булактарына таянып билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, азыр жапон өкмөтү сөөк коюуга даярдыктарды аяктап жатат, бул чечим ушул аптада бекитилиши мүмкүн. Салтанат толугу менен мамлекет тарабынан каржыланат.

12-июлда Токиодо Абэнин сөөгү өрттөлүп, үй-бүлө мүчөлөрү жана шериктери үчүн жеке акыркы сапарга узатуу аземи болуп өттү.

«Иомиури» гезитинин жазганына караганда, акыркы сапарга узатуу зыйнатына «көптөгөн чет элдик лидерлер» катышаары күтүлүүдө, бирок азырынча кимдер экени айтыла элек.

Синдзо Абэ 8-июлда атып өлтүрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости