www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия, Орусия жана Иран лидерлеринин Тегерандагы жолугушуусуна бүт дүйнө көз салып, Сириядагы жөнгө салууга көңүл бурган жыйынтыктоочу билдирүү тарыхый экенин шаршемби күнү Haberler.com басылмасы жазды.

Шейшемби күнү Тегеранда Орусия, Иран жана Түркиянын президенттери Владимир Путин, Ибрагим Раиси жана Тайип Эрдоган Сирия боюнча жыйын өткөрүп, анын жыйынтыгы боюнча билдирүү кабыл алышты.

Алар Сирия кризисин жөнгө салуу үчүн «Астана» форматынын актуалдуулугун баса белгилеп, кийинки жолу Путиндин чакыруусу менен Орусияда жолугушууну макулдашты.

Орусия, Иран жана Түркия Израилдин Сирияга, анын ичинде жарандык объекттерге болгон чабуулдарын айыптап, Сирия кризисин сириялыктардын өздөрү жана тынчтык жолу менен гана чече аларын ырастап, Сирияга каршы бир тараптуу бардык санкцияларды четке кагышты жана террорчуларга каршы күрөшүү ниетин дагы бир жолу ырастады. Путин ошол эле учурда АКШ баштаган Батыш мамлекеттеринин Сириядагы кыйратуучу линиясын жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости