www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызcтанда жана башка мамлекеттерде коронавирустун жайылуусу качан токтоору тууралуу Сингапурдун технология жана дизайн университетинин (SUTD) изилдөөчүлөрү эсептөө жүргүзүштү. Анын жыйынтыгында өлкөбүздө коронавирустун жайылуусу июнь айынын ортосуна чейин бараары айтылган.

Изилдөөчүлөрдүн эсеби боюнча, Кыргызстан коронавирустун туу чокусунан 11-апрелде өткөн. 15-майга чейин бул илдеттин жайылуусу 97 пайызга, ал эми 25-майда 99 пайызга кыскарат. Илдеттин өлкө ичинде жайылуусу толугу менен 18-июнда токтойт деп айтылат маалыматта.

Алдын ала айтылган мындай маалымат жасалма интеллекттин жардамы менен эсептелген. Анда ар кайсы өлкөлөрдүн, атап айтканда, "Our World in Data" илимий онлайн басылмасына жарыяланган регрессиялык маалыматтарга негизделген. Статистика күн сайын жаңыланып тургандыктан, катачылыктар болушу мүмкүндүгү жана бул божомол гана экендигин аталган мекемеден эскертишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости