www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчылыгы Башар Асад режиминин Сириядагы Сайдная абагында миңдеген адамды өлтүргөнүн жана сөөктөрүн мешке салып өрттөгөнүн жарыялады.
АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басарларынан Стуарт Жонс, маалымат жыйын өткөрүп Сайднаяда өлтүрүлгөн кишилердин абактын бир бөлүмүндө курулган меште өрттөлгөнүн айтты.
Жонс, борбор шаар Дамасктан орто эсеп менен 45 мүнөт алыстыктагы абакта бир күндө орто эсеп менен 50 кишинин өлтүрүлгөнүнө ишенгендерин белгиледи.
Стуарт Жонс: «Бул мештин, Сайднаяда өлтүрүлгөн кишилердин өлүктөрүн өрттөп, далилдерди жоюу үчүн курулганына ишенүүдөбүз»,-деди.
АКШнын мамлекеттик катчылыгында өткөрүлгөн маалымат жыйында журналисттерге бул меш орун алган жердин спутниктен тартылган фотосүрөттөрү бөлүшүлдү.
Бөлүшүлгөн фотосүрөттөрдүн арасында алгачкылары 2013-жылы тартылганы көңүл бурду.
2015-жылы январь айында тартылган бир фотосүрөттө болсо меш экендиги белгиленген имараттын чатырындагы карлар ээрип кеткени көрүндү.
Айрыкча Жонс Казакстандын борбор шаары Астанада өткөн Сирия тууралуу сүйлөшүүлөргө да сереп салды.
Жолугушууларга АКШнын атынан байкоочу катары катышкан Жонс, Сирияда зомбулук окуяларынын азая турганын ойлобогондорун, бул темада Асад режимине байланыштуу шектенүүлөрү бар экенин айтып, «Мындан мурдагы жолугушууларда болгонундай Асаддын мамилесин эске алып, бул келишимде да Асадга карата шектенүүбүз бар. Асад режими жарандарга жана оппозициядагы күчтөргө кол салууларын токтотушу керек. Орусия да режимдин үстүндөгү күчүн колдонуп булардын ишке ашырылышын камсыздашы зарыл»,-деп айтты.
Булак: "trt.net.tr"