www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак үй, Сириянын Идлиб шаарындагы кол салуу тууралуу маалымат таратты.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер, Сириядагы химиялык куралдар менен болгон кол салууну айыптап, кабыл алынгыс экендигин белгилеп кетти.

Шон Спайсер: «Сириядагы кол салуу Обама бийлигинин начар саясаттарынын жыйынтыгынан болуп олтурат. Бул химиялык кол салууну айыптайбыз. Көрмөксөнгө салына албайт»,-деди.

Ак үйдүн жарыясында айрыкча, «Сирия режиминин арасында бала жана аялдар да болгон карапайым адамдарга химиялык куралдар менен кол салуунун болушу көрмөксөнгө салына албайт. Асад режиминин бул мыкаачылык кол салуулары, мындан мурдагы башкаруунун начарлыгы жана чечкиндүү болбогон саясатынан келип чыгууда. Президент Обама 2012-жылы химиялык куралдарды кызыл чийин деп жарыялай турганын айтты, бирок кадам таштаган жок. АКШ, кабыл алынгыс кол салууга каршы бүткүл дүйнөдөгү шериктештери менен бирге турат»,деген сөздөргө орун берилди.

Бул учурда БУУнун коопсуздук кеңеши Сириянын Идлиб шаарында химиялык куралдар менен болгон кол салууларга байланыштуу бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 17:00дө чогулат.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хайли, Идлибдеги химиялык курал кол салуусунун абдан кооптондуруучу болгонун айтты.

Сириянын убактылуу өкмөтүнүн саламаттык сактоо министри Феррас Гунди, Асад режиминин Идлибдин Хан Шейхун аймагында жүргүзгөн химиялык курал кол салуусунда 110дон ашуун жарандын каза болгонун, көпчүлүгү балдардан турган 500 чакты жарандын газдан таасир алганын айткан.

Аймакта жаралууларды дарылай турган жетиштүү санда оорукана болбогону үчүн орчундуу абалдагы жаралуулардын тез жардам унаалары  менен Түркияга ташылганын айткан Жунди, каза болгондордун санынын артышынан санааркап жаткандарын айтты.

Аймакка Түркиядан көп сандаган тез жардам унаасы жөнөтүлдү.

Сирияда Башар Асад режиминин Идлибге химиялык курал менен кол салуусунан кийин таасир алгандардын Хатайдын рейханлы районуна алып келиниши уланууда.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости