www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сирия мамлекетинде болуп жаткан куралдуу кагылышууда жүргөн “Таухид валь Жихад" уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык ИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан 2019-жылдын 21-сентябрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш чаралардын натыйжасында, Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында “Абдулло” аттуу атуул интернет тармактары аркылуу диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга таандык болгон материалдарды мыйзамсыз таркатып жүргөндүгү туурасында маалымат алынып, ошол эле күнү Ош ШИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө, билдирме менен маалымат электрондук журналына катталган.
Аталган маалымат, 2019-жылдын 21-сентябрь күнү, Ош ШИИБнүн КЖБРне Кыргыз Республикасынын КЖКнын 315-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) белгилери менен, сотко чейинки өндүрүшү катталып, тергөө аракеттери башталган.
Жогоруда аталган учур боюнча ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө, “Абдулло” аттуу атуулдун өздүгү жана жашаган жери Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын тургуну 11.03.1987-ж.т. А.К. болуп аныкталган.
А.К. 2019-жылдын апрель айынан бери Ош шаарынын аймагынан Сирия мамлекетинде болуп жаткан куралдуу кагылышууда жүргөн “Таухид валь Жихад” эл аралык террордук уюмунун катарына кошулган “Абдуллох Сурока” аттуу атуул менен тыгыз байланышта болуп, ал тарабынан Кыргыз Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын аймагында жашаган жашоочулар арасында террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө каржылык (финансылык) жардам көрсөтүү боюнча үгүттөө иштерине активдүү түрдө катышып жүргөндүгү белгилүү болгон. Ыкчам-иликтөө жана чалгындоо иш-чаралары улантылып, 2019-жылдын 17-ноябрь күнү саат 13:30 чамасында, Ош облусунун Кара-Суу шаарынын Туратали базарында жайгашкан автоунаа токтотуучу жайда, Ош ШИИБнүн ЭММКАКнын кызматкерлери тарабынан алдын ала белгилөө менен даярдалган 5000 сом накталай акчаны өзүнүн ыктыяры менен кызматташкан атуул аркылуу, А.К бергенде, ал аталган акчаны террордук ишмердүүлүккө сарптоо, башкача айтканда Сирия мамлекетинде жүргөн “Абдувахид Сурока” аттуу атуулга которуу максатында бара жаткан учурда кармалып, ага карата жеке тинтүү жүргүзүлүп, андан алдын ала белгиленген 5000 сом накталай акча, бир даана “Самсунг” жана бир “Максви” үлгүсүндөгү уюлдук телефондору алынган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, жогоруда аталган сотко чейинки өндүрүшү Кыргыз Республикасынын КЖКнын 315-б. 1-бөлмүнөн Кыргыз Республикасынын КЖКнын 241-бер. (террордук ишке көмөктөшүү) беренесине квалификацияланып, кылмышка шектүү катары кармалып, Ош шаардык соту тарабынан 2019-жылдын 30-ноябрь күнүнө чейин камак алуу түрү тандалган.
А.К үстүнөн мурда түшкөн ыкчам маалыматтарды текшерүү үчүн ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылып, ал “Таухид валь Жихад” эл аралык террордук уюумунун активдүү мүчөсү жана террордук иш үчүн соттолуп, учурда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан К.Р. активдүү колдоочусу экендиги, тактап айтканда аны менен 2017-жылдан бери жакын байланышта болуп, жаза өтөп жаткан КРӨ караштуу ЖАМКнын №27 мекемесине чейин барып, ага ушул күнгө чейин ар кандай материалдык жактан колдоо көрсөтүп келгендиги жана өзү жашаган үйдө ок атуучу куралдарды жана ок даарыларды мыйзамсыз сактап жүргөндүгү белгилүү болуп, 2019-жылдын 21-ноябрь күнү, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш аракеттеринин натыйжасында, К.А убактылуу жашаган Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан үйүнө карата кечиктирилгис түрдө тинтүү жүргүзгөн учурда, короосунда жер астына көмүлгөн жеринен бир даана ПМ 9-мм үлгүсүндөгү жеке номери өчүрүлгөн абалдагы ок атуучу куралы бир даана магазини менен, 8 даана 9 мм ок-дарылары, бир даана ПМ 4,55 үлгүсүндөгү пневматикалык куралы, 3 даана пневматикалык ок, 18 даана пневматикалык газовый балону, 4 даана сим-карта, 7 даана ар кандай өлчөмдөгү микро-флеш-карталары алынган.
Жогоруда алынган ок отуучу курал жана ок дарыларга соттук-баллистикалык жана КРӨ караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына диний жана лингвистикалык экспертизалар дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары алынып, барылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости