www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
• Сириядагы түркмөндөрдүн тарыхы кандай болгон?
• Түркмөндөрдүн азыркы учурдагы саясий жана аскердик түзүлүшү кандай?
• Санжак Конгресси эмнени билдирет?
• Түркмөндөрдүн Сириянын келечеги тууралуу көз карашы кандай?
Киришүү
2011-жылы Сирияда башталган революциядан тартып бүгүнкү күнгө чейин сириялык түркмөндөр калыптануу жолунда коомчулук менен бирге күрөшүүсүн улантууда. Сирия түркмөндөрү бийлик режимине каршы башталган калктын нааразылык кыймылынан учурдагы куралдуу күрөшкө чейин өзгөчө Сириянын Хама, Ракка, Хомс, борбору Алеппо, Латакия-Идлиб (Баир Бужак), Дамаск, Тартус, жана Дераа жерлеринде калктын көтөрүлүшүндө маанилүү факторго ээ. БААС режиминин тушунда катуу репрессия алдында жашаган жана жарандык коомдук уюмдарга уруксат берилбеген абалда калган шартта түркмөндөр олуттуу өздүк кемсинтүүгө кириптер болгон. Бул макалада 2011-жылдан кийин башталган коомдук жаңыланууларга байланыштуу өзгөчөлөнгөн саясий, аскердик жана жарандык уюмдашуудагы сириялык түркмөндөрдүн учурдагы абалы жана келечеги талкууланмакчы. Келечекте сириялык түркмөндөр үчүн саясий иш аракеттердин чечимдерин жүзөгө ашыруу максатында, аталган темада иш алып барган окумуштуулар, жергиликтүү жана медиа булактарын пайдаланып, төмөндөгү макаланы жазышкан.
Сириялык түркмөндөр: алардын саясий жана аскердик түзүлүшү
Түркмөндөрдүн Сирия жеринде миң жылдан ашык убакыттан бери шек-күмөнсүз жашап келе жаткандыгы белгилүү. Түрктөрдүн Анадолуга келишинен дагы көптөгөн замандар мурда Сириядагы түркмөндөрдүн жашап келгендиги тарыхый булактардан далилденген. Азыркы учурда Сирияда түркмөндөрдүн алмустактан бери болгондугу тууралуу ар түрдүү изилдөөлөр жүргүзүлсө да, Асад режиминен улам түркмөн калкына байланыштуу бир таза корутунду белгиленбеген. Сириялык түркмөндөрдүн көпчүлүгүнүн түрк тилинде сүйлөгөндүгү белгилүү. Түркчө билген калк жалпысынан Түркияга жакын аймактарда, айыл жерлеринде жашашууда. Мындай абалдын болушу Баас режиминин жүргүзгөн араб улутчулдугу саясатынын чоң таасирине кабылгандыгынан улам түркмөндөрдүн араптардын арасында өздүк улутун сактай албагандыгы сыяктуу себептер менен түшүндүрүлөт.
2011-жылдын март айында башталган нааразылык аракеттердин өсүшү жана андан кийинки режимдин каршы чыккан калкына курал колдонуусу Түркия жана эл аралык коомчулукту Асад режимине каршы туруусуна алып келди. Сириялык түркмөндөр жашаган аймактарда алар биринчи жолу тынч митинг өткөрүшкөн жана уландысында аскердик каршылык топторго катышышкан. Бул коомдогу жараяндуу мүмкүнчүлүк түркмөндөр үчүн да аскердик жана саясий мааниде уюмдашууга алып келди. Түркиядагы түркмөн диаспорасынын болушу, өлкөбүздүн жайгашкан жери, тилди, тарыхты жана Түркиянын Сириядагы окуялар боюнча саясий позициясы түркмөндөрдүн биринчи уюмдашуусу Түркияда ишке ашырылган. 2011-жылы негизделген биринчи саясий түзүүлөр Сирия Түркмөн Демократиялык кыймылы жана сириялык түркмөн партиялары болду. Бул партиялардын аркасынан 2012-жылдын 15-декабрында сириялык түркмөндөр Стамбулга 1200 делегат менен чогулушуп, түркмөндөрдүн келечегин талкуулашып, натыйжада бир кенештин түзүлүшү керектиги макулдашылган. Ошентип сириялык Түркмөндөрдүн Платформасы түзүлгөн.(“Suriye Türkmen Meclisi”, Suriye Gündemi, 26 Nisan 2018). 2013 – жылы 30 - мартта Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдогандын катышуусунда Сириянын баардык аймактарынан келген 400 делегаттын добушу менен Анкарада сириялык Түркмөндөрдүн Кеңеши (Межлиси) түзүлгөн. Бул чогулушка негизинен түрк өкмөт мүчөлөрү, чет өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн жана сириялык түркмөндөрдүн катышуусундагы жогорку деңгээлдеги иш чара болду. Сириялык Түркмөндөрдүн тарыхындагы маанилүү окуя орун алды.
Сириялык түркмөндөрдүн Межилисинин төрагалыгы кезек менен Семир Хафыз, Фаиз Амро, Абдурахман Мустафа жана доктор Эмир Бозоглан тарабынан башкарылган. 2018-жылдын 10-11-февралында орун алган жалпы жыйындын негизинде мурда Сирия Түркмөн Улуттук Аракет партиясын куруучу башчылыгын аткарган жана Сириянын убактылуу өкмөтүндө саламаттык сактоо министри кызматын аркалаган Доктор Мухаммед Вежих Жума Демократиялык кыймылы сириялык түркмөндөрдүн Межилисинин төрагалыгына шайланган. (Suriye Türkmen Meclisi Başkanı: Dr. Muhammed Vecih Cuma”, Suriye Gündemi, 16 Nisan 2018).
Вежих Жуманын төрагалык дооруна чейин Түркияда иштеп келген Межилис жаңы төраганын сунушу менен башкаруу тартибинде чечим кабыл алынып, бул негизде “Ефрат калканы” аскерий операциясы орун алган Алеппого караштуу Чобанбей шаарчасына бир кеңсе ачкан. Ошентип, сириялык түркмөндөрдүн Межилисинин Хатай / Яйладагы, Газиантеп, Osmaniye, Анкара, Стамбул жана Алеппо/Чобанбейде өкүлчүлүгү болду. Вежих Жуманын жетекчилиги менен Межилис Сириядагы кыйын башкарууда Ефрат Калканы аймагында беш жарандык уюмдун курулушун, үч маданий борборлорду жана төрт түрк тили курстарын ачышкан. Алар марттан тартып аймакта туруктуулук жана бейпилдик болуусун туура көрүү менен аймактагы мүмкүнчүлүктөрдү көрүп, ал жерлерге түркмөндөрдү кайтаруу үчүн өнөктүк кампаниясын баштаган. Сириялык түркмөндөрдүн ичинде да талкуулардын себеби болгон түркмөн жаатындагы саясий талаш биргеликте аткарылуу жана чечүүгө алып келүү максатында аракет кылынууда. (Бул маалымат жергиликтүү жолугушуулардан түзүлгөн маалыматтардан алынган).
Түркмөндөр Сириядагы элдик көтөрүлүштө куралданган куралдуу топторду ээрчиген. Натыйжада алар коопсуздугун камсыз кыла албагандыктан аймакта түзүлгөн аскер кошуундары менен биригишкен. Бул багытта бүгүн көпчүлүгү түркмөн жетекчилигинен коюлган аскердик оппозициялык төмөндөгү топтору бар:
• Султан Мурат бөлүмү;
• Эл Хамза бөлүмү;
• Мунтасыр Биллах бригадасы;
• Фатих Султан Мехмет бригадасы;
• Абдул Хамид Хан бригадасы;
• Сахил бөлүмү;
• Тирилүүгө болгон Осмон бригадасы.
Жогоруда аталган ири топтордун ичинен аскердик жактан кубаттуу деп Султан Мураттын жана Эль Хамзанын бөлүмдөрү саналат. Хама жана Хомстан которулган топтук түзүмүндө согушка катышкан жоокерлердин жалпы саны менен бирге он миң кишиден ашуун жоокерлери бар экендигин билсек болот.(Бул маалымат жергиликтүү жолугушуулардан түзүлгөн маалыматтардан алынган).
Түркмөндөр катышкан берки топтордо да жалпы саны 15 миңге жакын жоокерлер бар. Абдул Хамид Хан бригадасы, Сахил бөлүмү жана Тирилүүгө болгон Осмон бригадасы (Тирилүүгө болгон Осмон бригадасы 2. Сахил бөлүмүнө караштуу болуу менен иш-чараларды жүргүзүүдө. Ошондой болсо да топтун көз карандысыз түзүлүшүнөн улам өз алдынча бааланган) топтору аймакта иш-аракет кылуу менен Зейтун далы, Ефрат калканы операцияларында Түркия менен биргеликте жерлеринде жигердүүлүгүн көрсөтүшүүдө. Айрыкча Султан Мурат, Хамза бөлүмдөрү, Мунтасир Биллах , Фатих Султан Мехмет бригадалары Түркия тарабынан түзүлүп, Сириянын убактылуу өкмөтүнүн коргоо министирлигине
(Сентябрда Газиантепте Сириянын убактылуу өкмөтү менен аскер топтору катышкан жыйында Улуттук армияны түзүү чечими кабыл алынган. 18-сентябрда Сириянын убактылуу өкмөтүнө караштуу Коргоо министирлиги түзүлгөн. 4-сентябрда болгон жыйында макулдашылып Жеват Эбу Хаттаб коргоо министри болуп дайындалган. Бул күндөн баштап Ефрат калканы аймагында Түркияга союздаш иш-аракеттерди көрсөткөн аскердик топтор Улуттук армиянын курамына киришкен) караштуу улуттук армияга кирет. Түркмөн дагы, Ефрат калканы жана Зейтун далы аймактарындагы иш аракеттерде Түркиянын группаларына жардам аракеттерин беришүүдө. Көз каранды эмес сириялык башка топтор менен да байланыштары бар.
Санжак конгрессинин мааниси жана келечеги
Сириялык түркмөндөрдүн арасында узак убакыттан бери орун алган ар түрдүү маселердин колдонуулары боюнча Межилисте бул маселени чечүү талаптары бир курултайдын негизи болгон. 18 – октябрда Алеппого караштуу Чобанбей шаарчасында уюштурган конгресс аркылуу биринчи жолу өз маселелерин аныкташкан. Конгресске Алеппо-Идлиб, Латакия (Байыр Бужак), Ракка, Хама, Хомс, Тартус, Дераа, Голан жана Дамаск түрктөрүнөн өкүлдөрү катышып, 250 делегат болгон.
Мындан тышкары, Сирия түркмөн Межилисинин мүчөлөрү, башчылары, аскердик топторунун командирлери, жарандык коом өкүлдөрү жана жергиликтүү эл катышышкан.
Түркмөн дагы аймагында аракеттеги аскерлеринин командирлеринин бул конгресске катышуусу түркмөн топторун бириктирүүдө жарандык коом өкүлдөрү менен иштеп жаткан аскердик топ түркмөн коомчулугун камсыз кылуусунда маанилүү болуп калды. Чобанбей курултайы жана Сирия түркмөндөрүнүн биринчи конгресси бул курултайдан кийин аймакта иштешүү түзүлгөн жана түркмөндөрдүн келечеги аныкталган.
Күрт жумушчу партиясы (PYD/YPG) сыяктуу жикчилдик максаты жок түркмөндөр бирдиктүү сириялык калк менен кызматташып, аракеттенишүүдө.
Бул теманын белгилүү мисалы болуп сириялык түркмөндөр Межилисинин төрагасы Абдурахман Мустафанын 2018-жылы 6-майда сириялык революциялык күчтөрдүн Улуттук коалициясынын башчылыгына сунушталышы эсептелет. Коалицияны түзгөн Араб жана күрт топторунун бир топ сандагы түркмөндөрдүн катышуусу саясий жана аскер өкүлдөрү эркин, гүлдөп-өнүккөн жана жалпы эле Сирия элинин жакшылыгы экендигин көрсөтөт.
Астана келишимдерине ылайык, Сирияда жаңы Конституция түзүү аркылуу тараптарды элдештирүү зор мааниге ээ. Сириялык түркмөндөр жаңы Конституция жараянынын күтүү менен укуктук статус алуу үчүн көрсөтүлөт.
Кошумча суроо-талаптар мына ушул биргелешкен коалициянын негизинде түзүлөт. Биринчи кезекте укуктук негиздер боюнча укуктук статусун алуу үчүн түркмөндөрдүн көз карашы артыкчылыкта болот. Укуктук статусу менен бирге согуш учурунда көчүп кеткен түркмөндөрдү жана алардын өз жерлерине кайтуусун камсыз кылуу, алардын өзүлөрүнөн жетекчилердин болушу маанилүү.
Ар кайсы мезгилдеги саясий режимдердин бийлиги, күрт жикчилдеринин PYD/YPG жана динди жамынган радикал ислам мамлекетинин өкүмзордугунан улам түркмөндөрдүн бир бөлүгү байырлаган жеринен көчүп Түркияга же тегеректеги башка өлкөлөргө көчүүгө аргасыз болушкан. Буларга окшоп кетип кала албаган түркмөндөр азыркы учурда көз каранды эмес топтордун көзөмөлүндө калган Сириянын Идлиб провинциясындагы Зейтун далы, Ефрат калканы аймактарында. Түркмөндөр жашаган бул аймактарда жогоруда аталган террордук топтордун кол салуулары жана согуштарынан улам, калк көчүүгө мажбур болгон. Ушул жерден айта турган маанилүү жагдай - Түркияга келген сириялык качкындардын бир чоң бөлүгү түркмөндөр.
Түркмөндөр өз талаптарынын негизгиси катары саясий, экономикалык, маданий, укуктарын улуттук жана эл аралык деңгээлде камсыз кылынуусун көздөйт. Сириялык түркмөндөр демократиялык Сириянын келечеги, адилет жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү жана анын ичинде Асаддын Баас режимин толугу менен жоюлушун каалайт. (“Suriye Türkmen Meclisi Dr. Muhammed Vecih Cuma ile Röportaj”, Suriye Gündemi, 13 Kasım 2018).
Жыйынтыктоо
2011-жылдан мурда БААС режиминин зордук-кордуктарына карабастан түркмөндөр мыйзамдуу Сирия элдик көтөрүлүшүнүн учурунда биргеликте келечекке карай маанилүү кадамдарды жасаган. Анын артынан эле сепаратисттик YPG / PYD же ДАЕШ тарабынан болгон согуштук жана саясий кризистерге кабылды. Бул багытта реалдуу тынчтык жана мыйзамдуу Сирия бийлиги менен тынчтык жолунда бирге аракеттенишип, бир ынтымака келүүдө.
Түркиянын Сирия согушунда жигердүү түрдө киришүүсүнүн негизинде түркмөндөр маанилүү тарап абалына келишкен. Бул өңүттө Түркиянын Сириядагы орун алган YPG/PYD жана ДАИШ террордук уюмдарга каршы күрөшүүсүндө бааланып жана аскердик иш чараларды өткөрүүдө маанилүү союздаш катары өзүн көрсөтө алды.
Бул жагынан алып караганда, Сирия түркмөндөрү Түркия жана Сирия үчүн да маанилүү өнөктөшү болуп саналат.
Сириялык түркмөндөр өлкө келечеги үчүн биримдик жана жакындык менен Сириянын бүтүндүгүн коргоону күчөтүүдө. Кыскача айтканда, сириялык түркмөндөр өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн коргоо менен, ошол эле учурда башка этникалык жана диний масхабтар менен бирге жаңы Конституциянын алкагында укугун таанып, саясий чечим үчүн күрөштү уланта бермекчи.
Жан Ажун, Кутлухан Гөрүжү, NazarNews.kg