www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Расмий маалыматтар боюнча, Ирак менен Сириядагы абактарда 600гө жакын кыргызстандык аялдар жана балдар бар. Учурда балдарды гана кайтарып келүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кыргызстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн өз жарандарын репатриациялоону баштаган Борбор Азиядагы акыркы өлкөлөрдүн бири. 2019-жылдын январында Казакстан биринчи болуп аялдарды жана балдарды Сирия менен Ирактан алып чыгып, андан кийин дагы бир нече атайын операцияларды өткөргөн. Ошол эле жылдын апрель айында Тажикстан Ирактан 84 баланы, октябрда Өзбекстан 64 баланы кайтарып келген.
Кыргызстандык балдарды Ирактан кайтаруу боюнча биринчи жана азырынча жалгыз “Мээрим” атайын операциясы 2021-жылдын март айында гана жүргүзүлгөн.
Расмий маалыматка ылайык, алынып келинген 79 баланын 50ү мектеп жашында, 17си бала бакча жашында, 12си 2-3 жаштагы балдар. Адистердин катышуусунда эки айлык реабилитациядан кийин алардын баары Кара-Балта шаарына, Ош облусунун Араван, Карасу райондоруна, ошондой эле Ош шаарына жакындарынын колунда тарбияланууга которулган.
Алар тууралуу маалымат жашыруун. Белгилүү болгондой, Ош шаарында жашаган сегиз баланын бири быйыл 18ге чыгып, колледжге тапшырган. Дагы төртөө мектепке, үчөө бала бакчага барат.
Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Куттубек Абдуллаевдин айтымында, кайтарылган балдардын бардыгына башка аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары менен бирдей шартта социалдык жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле, алардын баары социалдык кызматкерлердин, шаардык бийлик органдарынын кызматкерлери жана мектептердин социалдык мугалимдеринин көзөмөлүндө. Алар билим берүү мекемелериндеги балдардын сататусу тууралуу ачык айтышпайт, баары жашыруун. Маалыматтар тиешелүү органдарга гана белгилүү.
«Кыргызстандык балдарды Ирактан алып келүү учурунда, андан кийин реабилитациялык борбордо жаткан учурда биздин кызматкерлер психологдор менен биргеликте керектүү иштерди жүргүзүшкөн. Андан соң документтер менен иштеп, балдарды үй-бүлөсүнө кайтарып беришкен. Камкорчулар менен дайыма байланыштабыз, алардын жашоо шартына, ден соолугуна, билимине көз салып турабыз. Аларга бир гана ата-эне жетишпейт», - дейт Абдуллаев.
Анын айтымында, кайтып келген көптөгөн балдардын аталары согуш жүрүп жаткан аймактарда набыт болушкан, энелери же каза болгон, же дагы эле Ирактын түрмөлөрүндө. Багдад аларды, ошондой эле 18 жаштан жогорку балдарды Кыргызстанга өткөрүүдөн баш тарткан.
«Чыр-чатактар болгон аймактарда ден соолугунан жана өмүрүнөн айрылышы мүмкүн болгон балдар психологиялык жактан катуу сокку алышкан. Бирок баары бүтүп, кадимки жашоого кайтышты», - деп кошумчалады Абдуллаев.
Кайтып келгенден кийин дароо бардык балдар эки айлык реабилитациядан өтүштү. Search for Common Ground коомдук кызматкерлер, психологдор, жергиликтүү бийлик органдары жана репатриацияланган балдар менен иштөөгө катышкандардын бардыгы менен иштешкен жана иштеп жатат. Уюмдун Борбор Азия боюнча программаларынын директору Кеңешбек Сайназаровдун айтымында, эки айлык кыска мөөнөткө карабастан, реабилитациялоо программасы салыштырмалуу канааттандырарлык деңгээлде өттү – бардык керектүү материалдар, каражаттар жана тиешелүү мекемелер өз убагында даярдалды.
Реинтеграция стадиясында кыйынчылыктар пайда болгон – бардык үй-бүлөлөр репатриант балдарды кабыл алууга даяр эмес жана алар менен даярдык иштери жүргүзүлгөн эмес.
«Ал балдарды туугандарынын колуна өткөрүүдө айрым көйгөйлөр жаралган. Маселен, бала бир тууганына барса да, жаңы шартка көнүшү үчүн, ал жак менен тил табышышы үчүн ошол үй-бүлөнү да даярдаш керек болчу», - дейт Сайназаров.
Ал белгилегендей, реинтеграция процесси реабилитацияга караганда узакка созулат. Бул эки-үч айдын иши эмес. Бул жерде психологдордун, социалдык педагогдордун, социалдык кызматкерлердин ролу чоң.
"Апа, мени кечир, мен Сириядамын"
Кара-Балта шаарынын тургуну Хамида Якубованын кызы 2014-жылы Сирияга кеткен. 2019-жылдан бери ал башка кыргызстандыктардай эле Эль-Хасака аймагындагы Аль-Хол качкындар лагеринде жүрөт жана мекенине кайтып келет деп үмүттөнөт.
«2014-жылы кызым Орусияга келип, жумушка орношту. Күндөрдүн биринде ал жумушка кетип, кайра кайтып келген эмес. Бир ай мурун ал мага Түркияда Ислам университети бар экенин, ал жакта окуу бекер экенин, ага кошумча стипендия берип, учуу акысын төлөшөрүн айтты. Ал жакка баргысы келди, бирок мен уруксат берген жокмун. Ал кадимкидей ишин улантып жатып, бир күнү дайынын таптырбай кетти. 2-3 күндөн соң: «Апа, мени кечириңиз, мен Сириядамын», - деп билдирүү жазган, дейт Якубова.
Анын айтымында, Сирияда 450гө жакын кыргызстандык аялдар жана балдар бар. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин июль айынын аягында билдирген маалыматына караганда, Ирак менен Сириядагы абактарда Кыргызстандын 600гө жакын жараны – 400 бала жана 200 аял калууда.
Тышкы иштер министрлиги CABAR.asia сайтынын суроосуна жооп кылып, Кыргызстандын соттолгон 43 жараны мекенине кайтарылууга жатпаганын, ошондой эле ата-энеси жана жакындары жок болгондугуна байланыштуу Кыргызстанга кайтаруудан баш тарткан эки бала бар экенин билдирди.
Башка кыздардын ата-энелери менен бирге Якубова «Жардам колун сун» кайрымдуулук фондун түзүшкөн. Балдарын алып чыгууга жардам берүү өтүнүчү менен бардык мамлекеттик органдарга кайрылышкан, бирок жыйынтык болгон эмес.
2021-жылдын март айында Садыр Жапаров Ирактан кайтып келген балдардын иш сапары учурунда мамлекет чет өлкөлөрдөгү жарандарынын коопсуздугун, өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн бардык күч-аракетин жана каражатты жумшай турганын айткан. Президенттин бул сөзүнөн кийин Сириядагы лагерлердеги балдар менен энелер жакында мекенине кайтып келет деген үмүт пайда болду. Бирок, андан бери бир жыл өттү.
Бирок, ушул жылдын июнь айында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Сириядагы лагерлерде жана абактарда жүргөн кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча иш-чаралардын планын бекиткени белгилүү болгон. Ага ылайык, тиешелүү ведомстволорго Түркия жана Сириянын расмий органдары менен Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу маселесин, ошондой эле Дамаск шаарына кеткен Кыргыз Республикасынын делегациясынын маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. Мындан тышкары, Сириядагы кыргызстандыктардын тизмесин тактоо, аларды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча пландарды иштеп чыгуу тапшырылды.
Жалпысынан 15тен ашык мамлекеттик орган тиешелүү тапшырмаларды алды. Алардын көбү үстүбүздөгү жылдын апрель-июнь айларында бүткөрүлүшү керек эле.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Жапаровдун жарлыгын ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Алар толук маалымат беришпейт, бирок июль айынын аягындагы маалымат жыйынында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жарандарды мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген. Ал эми азыр балдар жөнүндө гана сөз болуп жатканын, азырынча аялдарды кайтаруу боюнча так чечимдер жок экенин кошумчалады.
Аялдар ар кандай шылтоолор менен ал жакка барып, көбү алданып калышкан
Журналист, медианын алдын алуу боюнча эксперт Алмаз Исманов үч жылдан бери Сирия жана Ирактагы лагерлердеги балдар менен аялдарды иликтеп келет. Ал белгилегендей, бул маселенин тегерегинде белгилүү бир сыр бар жана реабилитация жана реинтеграция процесси кандай жүрүп жатканы тууралуу маалымат өтө аз.
«Жетиштүү эмес же текшерилген маалыматтын жоктугу көп учурда журналисттик материалдарда жек көрүүчүлүктүн себеби болуп калат. Жарандарга эмне үчүн балдарды, аялдарды кайтарып жатабыз, эмне үчүн мындай кылып жатканыбызды түшүндүрүү керек. Жада калса мамлекеттик чиновниктер да бул маселе боюнча Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, өлкөнүн аталышынан, кайтарылгандардын санын жана даталарын чаташтырышат», - деп белгилейт Исманов.
Кеңешбек Сайназаров бир нече жылдан бери Сирия жана Ирактагы лагерлерде жашаган Кыргызстандын жарандары тууралуу маалыматтарды талдап келет. Ал аялдар менен балдарды кайтаруу процессинин созулуп жатканына тынчсызданууда.
«Менин оюмча, коомдо стигма көп. Адам Сирияга же Иракка кеткенден соң ал "диний согушчан" болуп саналат. Алар кайтып келсе коомдо ажырым башталат, алардын кайтып келиши чоң коркунуч экенин айтышат. Мейли, эркектерди айтпай эле коёлу, бирок жок дегенде эне-баланы кайтарышыбыз керек. Анткени алар ар кандай шылтоолор менен ал жакка барып, көбү алданып калышкан», - дейт Сайназаров.
Ал кошумчалагандай, кээ бир аялдар күйөөсүн ээрчип жөн эле исламдын принциптери менен Сирияга жана Иракка кеткен болушу мүмкүн. Анын айтымында, бардык жагдайды тактап, коркунуч болбосо мекенине кайтаруу зарыл.
«Ката кетирбеген адамдар жок. Биз баарыбыз ката кетиребиз. Бирок бул ката өмүр бою жаза болбошу керек. Балким, бул аялдар жаңылыштык кетирип, алдамчылык менен ошол жакка келип калгандыр. Аларды алып келишибиз керек», - деп белгилейт эксперт.
Булак: NazarNews.kg