www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сириядагы лагерлерде дагы 200гө жакын өзбекстандык аялдар менен балдар бар. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн мурдагы башчысы Мунир Мамедзаде "Газета.uz" сайтына берген маегинде билдирди.

Мамедзаде белгилегендей, ЮНИСЕФ Өзбекстандын өкмөтү Сириядагы жоочулардын катарында согушкан кишилердин аялдары менен балдарын түзүлгөн кыраалдын курмандыктары деп тааныганын кубаттайт.

"Бир да бала бул тагдырды тандап албаганы түшүнүктүү. Ошондой эле репатриация кылынган аялдар да өз каалоосу менен ушундай абалга туш болгон эмес. Аларды социалдык интеграциялоо принциптеринин негизинде кабыл алуу - өтө үлгүлүү иш болду. Бул тажрыйба глобалдык деңгээлде эң позитивдүү көрүнүш катары документтештирилди", – деди Мамедзаде.

Өзбекстандагы ишин жыйынтыктаган Мамедзаде Сириядагы лагерлерде дале болсо Өзбекстандын 200гө жакын жараны калып жатканын кошумчалады.

"Жетектөөчү адамдар менен коштошуп жатканда Сириядагы калган балдар менен аялдарды да өлкөгө алып келүүнү өтүнөм. Буга чейин өзбекстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча ийгиликтүү беш өнөктүк болгон. Алтынчысы менен бул ишти аяктайбыз деп ойлойм", – деди Мамедзаде.

2019-жылдан бери Ташкент Сириядан, Ирактан жана Ооганстандан 531 өзбекстандык аялды жана балдарды мекенине алып келген. Мындай өнөктүктүн акыркысы 2021-жылы ишке ашырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости