www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сириянын жаңы биилиги Россиядан мурдагы президент Башар Асадды берүүнү талап кылды. Бул тууралуу «Reuters» маалымат каражаты эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүнүн жүрүшү менен тааныш булагына шилтеме берүү менен билдирди.
Мындай талапты Сириянын убактылуу президенти Ахмед аш-Шараа койгон.
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул маалыматка комментарий берүүдөн баш тартты.
Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов жетектеген делегация Сирияга 28-январда барган.
Сириянын «SANA» маалымат каражаты билдиргендей, Сириянын жаңы бийлиги Россиянын делегациясы менен сүйлөшүүдө компенсация дагы талап кылган.
Учурда Башар Асад үй-бүлөсү мене Россияда баш калкалап жатат.