www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сириянын жаңы президенти жарыяланды

«Хаят Тахрир аш-Шам» тобунун лидери Ахмед аль-Шараа (Абу Мухаммед аль-Жулани) Сириянын убактылуу президенти болуп жарыяланды.

Ахмед аль-Шараа убактылуу мыйзам чыгаруу кеңешин түзөт. Бул кеңеш жаңы Конституция кабыл алынгыча иштейт.

Андан тышкары Сириянын жаңы бийлиги армия менен коопсуздук кызматын таркатты. Алардын ордуна жарандардын коопсуздугун камсыздай турган жаңы түзүм пайда болот.

Ошондой эле Араб социалисттик кайра жаралуу партиясы жоюлду (БААС). Бул партия 1963-жылдан бери өлкө башында турган. 2000-жылдан бери аны мурдагы президент Башар Асад жетектеп келген.

Декабрь айында Башар Асад башында турган бийлик кулап, өлкө оппозициянын колуна өткөн. Башар Асад Россияга качып кеткен.

Оппозициячыл топторду «Хаят Тахрир аш-Шам» жетектеген.

Последние новости